АКШнын элчилиги виза алуу үчүн маектешүүлөрдү жандантат

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмү 2021-жылдын 1-декабрынан тартып визага байланыштуу кызмат көрсөтүүнүн бардык түрүнө жазылууну жандантат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта коронавирус пандемиясына байланышкан чектөөлөрдөн улам элчиликке келгендер үчүн социалдык аралыкты сактоо жана милдеттүү беткап тагыну, ошондой эле кирип-чыккандардын санын чектөө режими күчүндө калтырылганы айтылды.

«Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилелердин өзөгүн биздин элдин ортосундагы байланыштар түзөт. Туризм жана бизнес үчүн, анын ичинде катардагы виза кызматтарын сунуштай алганыбызга абдан кубанычтамын. Бул кызматтардын кайра жанданышы биздин жакын достугубуздун өрчүшүн колдоого жардем берет жана биз декабрда өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилей турган ыңгайлуу учурга туура келет», —деп белгиледи АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Ошондой эле 8-ноябрдан тарта АКШга кирүү талаптары дагы өзгөрөт. Өлкөгө кирип жаткан чет өлкөлүк жарандар COVID-19га каршы эмдөө алганы тууралуу документ көрсөтүшү керек. Вакцина АКШ же Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан таанылган болууга тийиш.

Учурда Кыргызстанда Кытайдын Sinopharm, Орусиянын «Спутник V», америка-германиялык Pfizer жана англо-шведдик AstraZeneca вакциналары жеткиликтүү. «Спутника V» вакцинасынан башкасы ДССУ тарабынан жактырылган.

АКШ элчилиги 2020-жылдын март айында COVID-19дун жайылышынан улам АКШнын мамлекеттик департаментинин сунушу менен виза берүү боюнча маектешүү өткөрүүнү токтоткон. Мамлекеттик департаменттин учурдагы эрежелерине ылайык, элчилик COVID-19дан коргонуу чараларын так сактоо менен виза алууга байланыштуу маектешүүлөрдү жандантса болот.