Бишкек: Пластик чыгарган заводдогу өрттөн он адам жабыркады

ӨКМдин басма сөз кызматы пластик чыгарган «Ак-Тилек» заводунда чыккан өрт 7-ноябрь күнү саат 22:37де толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди. Он адам ар кандай жаракаттарды алган.

«Ак-Тилек» заводундагы өрт. Сүрөт: ӨКМдин басма кызматы

Бир бала колун кестирип алган, экинчиси куймулчагын кокустаткан. Калган сегиз адамга жеринде меджардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Заводдо өрт 7-ноябрь күнү эртең менен башталган. Куткаруучуларга кабар саат 10:06да берилген. Тилсиз жоо түшкү саат 12:21де чектөөгө алынып, өрт жалпы 800 чарчы метр аянтты каптаган. Жеринде беш өрт өчүрүүчү унаа, куткаруучулар жана медиктер иш алып-барган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, ишкана Свердлов районунда Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан.