«Түндүк электр» абоненттери үчүн электр энергиясына 5 киловаттык чектөө киргизди

7-ноябрда «Түндүк электрдин» маалымат кызматы, компания абоненттеринин эсептегичтерине электрэнергиясын колдонуу кубаттуулугуна чектөө киргизгенин билдирди.

Компаниядан чектөө «суу-энергетикалык ресурстарды сарамжал пайдалануу жана керектөөнүн белгиленген чегин сактоо максатында» киргизилгенин түшүндүрүштү.

Бир фазалуу абоненттер үчүн 5 киловатт, үч фазалуу абоненттерге 10 киловаттык чек киргизилди. Чектөө канчага созулары белгисиз.

«Электр эсептегичтерге күч келбеши үчүн абоненттер электр жабдууларын бир калыпта колдонушу керек», — деп кошумчалайт «Түндүк электр» ишканасы.

Шаар тургундарынын нааразылыгынан кийин гана компания чектөөлөр боюнча түшүндүрмө берген. Жарандар Kaktus.media басылмасына маек куруп, жаңы чектөөлөрдөн улам электр энергиясын толук кандуу колдоно албай жатканын айтышканг болчу.

«Биз же чай кое албай, кир жууй албай, жууна дагы албай калдык. Жарыгы жок отурабыз […] “Түндүк электр” кызматына чалсак: “Азырынча ушундай жашап тургула” деп жооп беришти», — деген абоненттер.

Өчүрүүлөр болбойт, бирок үнөмдөө керек

Буга чейин 3-ноябрда Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиев Кыргызстанда электр энергиясына суроо-талап барган сайын өсүп жатканын айткан. Ал жарандарды үнөмдөөгө чакырып, маал-маалы менен өчүрүүлөр «пландалбаганын» айтып, бирок Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөн экенин баса белгилеген.

Холдинг башчысы «керектөө чектен ашкан учурда, агрегаттарга күч келип авариялык өчүүлөр болушу мүмкүн, бирок пландык өчүрүүлөр болбойт» деп ишендирген. Анын айтымында, 3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 11,9 млрд кубметрди түзгөн. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,8 млрд кубометрге аз.

Байгазиев эгерде электр кубатын колдонууга болгон чектөө сакталса, 11,9 млрд кубометр күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө жете турганын билдирген.

«Электр жарыгын берүүү үзгүлтүккө учурабайт. Бирок соңку үч жылдан бери суунун көлөмү азайып кеткени байкалууда. Ошондуктан электр жарыгын үнөмдөшүбүз керек», — деген ал.

Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров «электр энегриясын колдонууга чектөө киргизилбесин, калк үчүн электр энергиясына болгон тарифтер жогорулабасын» деген тапшырма берген.