Коронавирустан эки адам каза болуп, 54 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын 9-ноябрга карата маалыматына ылайык, өлкөдө коронавирустун 54 жаңы учуру катталып, 77 бейтап айыгып чыкты. Ал эми эки адам илдеттен көз жумду.

  • Бишкек шаары — 25;
  • Ысык-Көл облусу — 13;
  • Жалал-Абад облусу — 7;
  • Талас облусу — 4;
  • Баткен облусу — 2;
  • Чүй облусу — 1;
  • Нарын облусу —1;
  • Ош облусу — 1.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 181 936га жетти. Ал эми өлкө боюнча 176 323 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2691 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 576 бейтап, ал эми үй шартында 815 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 9-ноябрга карата COVID-19га каршы вакцинаны биринчи дозасын 1460 адам, ал эми экинчи дозасын 1389 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.