Акылбек Жапаров президент менен туугандыгы жоктугун билдирди

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров 10-ноябрда Орусиянын «Коммерсанть» басылмасына маек курду. Анда Жапаров президент Садыр Жапаров менен туугандык байланышы жок экенин айтты.

Коллажда Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров жана Сабыр Жапаров (президенттин бир тууганы)

Чиновник басылмага президент менен жердеш экенин, экөө тең Ысык-Көл облусунан болорун айтып берди.

«Мен Рыбачье [учурда Балыкчы] шаарында төрөлгөм, анткени ата-энем окуу жайды бүткөндөн кийин ошол жакка иштегени барышкан. Бирок алар Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн. Ал эми президент Жапаров — ысыккөлдүк. Эки башка облус, ошондуктан биздин фамилиябыз гана окшош. Кыргызстанда Жапаровдор, Орусиядагы Петровтор сыяктуу эле көп. Эгер биз тууган болгондо жаман деле болбойт болчу», — деди ал.

Бирок минкабдын жетекчиси «кыргыздын баары эле бири-бирине алтынчы-жетинчи муунунда тууганчыгарын» кошумчалады.