Шайлоо алдындагы кайрымдуулук. БШК Райымкулов жана Примовго эскертүү берди

Бактыбек Райымкулов / Улан Примов

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер Бактыбек Райымкулов жана Улан Примовго жазуу түрүндө эскертүү берди. БШК эки депутат тең үгүт эрежелерин бузуп, парламенттик шайлоо дайындалгандан тартып жарандарга белек бергенин аныктады.

Райымкулов жана көк-бөрү

Райымкулов талапкерлигин №22 Жайыл шайлоо округунан көрсөтүүдө.

2021-жылдын 24-октябрында Чүйдүн Сокулук районунун Белек айылындагы ипподромдо тогуз команданын катышуусунда көк-бөрү боюнча мелдеш өткөрүлгөн. Иш-чара «Көк-бөрү» федерациясынын 25-жылдыгына арналган, ал эми Райымкулов мелдештин жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырган.

БШКнын ыкчам чара көрүүчү тобунун маалыматына ылайык, Райымкулов жеңүүчүлөргө «Көк-бөрү» федерациясынын атынан грамота, медаль, сертификат, ошондой эле тай белек кылган.

*Бактыбек Райымкулов «Көк-Бөрү» федерациясынын Чүй облусундагы коомдук бирикмесинин жетекчиси. Ошондой эле ал экс-бажычы, коррупцияга күнөөлүү деп табылган Райымбек Матраимовдун тарапташы.

30-октябрда Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Сурак маалында көк-бөрү мелдешинин жеңүүчүсү Райымкулов аларга тай берүүгө убадалаганын, бирок бүгүнкү күнгө чейин ал убада аткарыла электигин айткан.

Ал эми Райымкулов мелдешке «көрүүчү катары келгенин» жана «белектерге тиешеси жок» болгонун билдирген. Депутат байгелерди «Көк-бөрү» федерациясы даярдаганын кабарлаган.

Райымкуловдун айтымында, жеңүүчүлөргө тай белек кылууну Чүй облусу боюнча сегиз райондун көк-бөрү федерацияларынын жетекчилери убадалаган. Анын сөздөрүн «Көк-Бөрү» федерациясынын Москва жана Аламүдүн районундагы башчылары тастыктаган.

Мындан улам Сокулуктун милициясы 6-ноябрда сотко чейинки өндүрүштү «кылмыштын курамы жок болгонуна» байланыштуу кыскарткан. Бирок БШК бул ишти кайра кароо өтүнүчү менен прокуратурага кайрылды.

Ошондой эле Боршайком Райымкуловдун аракеттери шайлоочуларга «маалыматтык эффект» тийгизиши мүмкүн деп, ал үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин бузган деп тапты.

Примов жана кайрымдуулук

«Ош Пирим» телеканалынын сюжетинен алынган скрин

Депутат Улан Примов шайлоого №11 Алай округунан талапкердигин көрсөтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы Примов жана анын үй-бүлөсүнө таандык «Примов» кайрымдуулук фонду шайлоо дайындалгандан тарта кайрымдуулук менен алектенгенин аныктады.

Атап айтканда, депутат Алай районундагы Жошолу айылынын тургунуна үй белек кылып, аймактагы калктын аярлуу катмарларына кышкы кийимдерди жана кеңсе товарларын тартуулаган. Ошондой эле Примов «Мугалим» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн конкурстун жеңүүчүлөрүнө унаа жана чет өлкөгө саякат белекке берген.

Алай РИИБи бул фактыларды каттап, бирок «кылмыштын курамы жок болгондуктан» тергөөнү кыскартып салган. БШК Примовдун аракеттеринде мыйзам бузууну таап, анын кайрымдуулугу «шайлоочулардын тандоосуна таасир этиши мүмкүн» деп билдирди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ Улан Примовдун шайлоо алдындагы кайрымдуулук иштерин текшерет

Фирмалар, бодо мал, көк бөрү. Бейөкмөт уюмдардан отчёт алгысы келген депутат Райымкуловдун байлыгы

Кен казуу, жүк ташуу, медиабизнес. Депутат Примовдун үй-бүлөсү 10дон ашуун компанияга ээлик кылат