ИИМ Улан Примовдун шайлоо алдындагы кайрымдуулук иштерин текшерет

«Ош Пирим» телеканалынын сюжетинен алынган скрин

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүүчү тобу депутат Улан Примовдун кайрымдулук иштери боюнча материалдарды текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине жиберди. Примов талапкерлигин №11 Алай шайлоо округунан көрсөтүүдө.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрда талапкердин фейсбук баракчасында ал Ош облусунун Алай районундагы Жошолу айылынын тургунуна үй белек кылганы тууралуу пост жарыяланган. Бирок кийинчерээк ал өчүрүлгөн.

Ал эми Примов Жошолу айылынын тургунуна турак жай тартуулаганы тууралуу сюжет депутаттын үй-бүлөсүнө караштуу «Ош Пирим» телеканалында 14-сентябрда жарыяланган. Анда турак жай «Примов» кайрымдуулук фондунун эсебинен салынганы айтылган. Ал эми курулуш иштерине 550 миң сом сарпталган.

Сюжетте Гүлжамал Ысманкулова аттуу тургун Улан Примовго турак жай куруп берүү өтүнүчү менен кайрылганын айтып берген. Ал эми турак жайды тапшыруу аземине катышкандар талапкерге ыраазычык билдиришкен.

Ошондой эле, БШК Примов Алай районундагы Талды-Суу, Сары-Могол жана Сары-Таш айылдарында калктын аярлуу катмарларына кышкы кийимдерди жана кеңсе товарларын бергенин билдирди. Бул тууралуу сюжет 16-сентябрда жарыяланган. Ал эми иш-чарага Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Каныбек Аппазов да катышкан.

Боршайком депутат Алай жана Чоң-Алай райондорунун мугалимдерине «Мугалим» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн конкурстун жеңүүчүлөрүнө байге тапшыруу аземина катышып, Ысык-Көлгө жолдомо бергенин билдирди. Мындан сырткары, Примов Кара-Суу районунун Мады айылыныда жана Араван районунун Керме-Тоо айылында да конкруска катышып, жеңүүчүлөргө унаа жана чет өлкөгө саясак белекке бергени аныкталган.

Ошондой эле, «Ош Пирим» телеканалында 13-сентябрда «Примов» фонду Жаңы-Алай айыл өкмөтүндөгү №42 Самат Ашимов атындагы мектепке 5 млн сомго спорттук аянтча салып бергенин баяндаган сюжетти да көрүүгө болот.

Шайлоо жөнүндө мыйзамдын 28-беренесинде шайлоо дайындалган учурдан тартып «талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайларына» кайрымдуулук кылууга тыюу салынат. Президент Садыр Жапаров шайлоонун датасын 29-августта белгилеген.

Шайлоо астындагы кайрымдуулук

Буга чейн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун астында кайрымдуулук жасаган бир нече талапкерге жазуу түрүндө эскертүү берген. Алардын арасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбек Ташиев да болгон.

Шайырбек Ташиевге эскертүү агасы Жалал-Абаддын Сузак районундагы Барпы айылынын тургунуна үй белек кылганына байланыштуу берилген. Боршайком Ташиев «алдын ала үгүт жүргүзгөн» деп жыйынтык чыгарган.

Анткени Сузак райондук милициясы муктаж үй-бүлөгө Ташиев эмес, Абдимиталип Мамитов аттуу ишкер жана жергиликтүү тургундар салып бергенин билдиришкен.

Бирок милиция Ташиевге тийиштүү «Регион» телеканалынын сюжетине көңүл бурган эмес. Анда жергиликтүүлөр турак жайды УКМК башчысы куруп бергенин айтышкан. Ал эми «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов үй УКМКнын төрагасынын эсебинен салынганын бышыктаган.

Шайырбек Ташиев менен бирге БШКдан жазуу түрүндө эскертүүнү талапкерлер Нурали Талипов жана Ормон Нурбек уулу да алышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Шайлоо алдында Ташиев тапшырган үй». Сузак милициясынын версиясы эмнеге күмөн жаратат?

«Шайлоо алдында үй белек кылуу». БШК Шайырбек Ташиевге эскертүү берди