Улан Примов

Кыргызстанда депутаттар бир гана мыйзам чыгаруу менен алектенишпейт. Көп учурда алар же эл өкүлдөрүнүн жакындары ири ишкерлик менен алектенишет, компанияларды, фонддорду жана ЖМКларды негиздешет. Алардын бири депутат Улан Примов.

«Клооп» Примовдун жакын туугандарына — атасына, бир туугандарына катталган компанияларды тапты. Алар тендерлерге катышып, айрым учурда жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын жаратып чырдын ортосунда да болушкан.

Улан Примовдун атасына таандык болгон компаниялар

Улан Примов мандатты 2015-жылы алгандан кийин салык декларациясын тапшырып баштаган. Расмий маалымат боюнча акыркы төрт жылда ал жыл сайын орточо 3 млн сомдук киреше тапкан.

Ошондой эле анын декларациясында 16 миң чарчы метрдик турак жай — бул жер тилкенин өлчөмү болушу ыктымал, 73 чарчы метрдик квартира, унаа жана «Прима-Триумф» компаниясы көрсөтүлгөн. Аталган компания суу менен камсыздоо ишмердүүлүгү менен алектенет.

Ошондой эле депутат «Примов» коомдук фонду аркылуу кайрымдуулук менен алектенет. Өткөн жылдын октябрь айында Примов «айылдаштарына үчүн белек болушу үчүн» Ош облусундагы Гүлчө айылынын кире беришине арка орнотуу үчүн 9 млн сом бөлгөн.

Аталган коомдук фонддун негиздөөчүсү катары анын 69 жаштагы атасы Бердибай Примов көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, ага дагы 12 компания таандык. Бердибай Примовго караштуу компаниялардын негизги бөлүгү тоо кендерин иштетет — көбүнчө көмүр казат. Ошондой эле алардын арасында жүк ташуучу фирмалар, курулуш компаниядары жана кыш куюучу завод да бар.

Бердибай Примов эки телекомпанияга да ээлик кылат. Ал эми «Примов» кайрымдуулук фондунун жүзү катары уулу Улан Примовду көрүүгө болот жана кайрымдуулук анын атынан жасалат.

Ачык булактарда Бердибай Примов тууралуу маалымат анча көп эмес: ал 2013-жылы «республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкону үчүн» президенттин ардак грамотасы менен сыйланган.

Улан Примов экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев менен Ош облусундагы Кызы кенинде. Аталган кенде «Пэрити Коал» ЖЧКсы ишмердүүлүгүн жүргүзөт. 12-сентябрь 2018-жыл.

Тоо кендерин казуучу компаниялар

Бердибай Примовго таандык «Пэрити Коал», «Пэрити Коал Юг» , «Көмүр компаниясы» жана «Ош Пирим ОСкен» көмүр, ал эми «Береке Кен» компаниясы гипс казат.

«Ачык бюджет» порталынын маалыматына ылайык, бул компаниялар 2011-жылдан тарта мамлекеттик бюджетке 422 млн 513 миң сом төккөн. Бул каражаттардын негизги бөлүгүн — 419 млн 880 миң — «Пэрити Коал» ЖЧКсы төлөгөн, ал эми «Пэрити Коал Юг» бул жылдары бир да тыйын которгон эмес. Белгилей кетсек, «Ош Пирим ОСкен» аталган порталда «Мамат Компания Кульдамбес» ЖЧКсы болуп көрсөтүлгөн.

Бул компаниялар Ош облусунун Араван, Алай, Өзгөн жана Ноокат райондорунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тоо кендерин казуу үчүн лицензия алган.

Мамлекеттик сатып алуулар тендерине «Пэрити Коал» гана катышат — 2015-жылдан тарта ал 33 тендерде катышып, анын болгону сегизин утуп 5 миллион сомдон ашуун пайда көргөн. Алардын баары менен бул шилтеме аркылуу таанышып алсаңыздар болот.

«Вечерний Бишкек» басылмасы «Пэрити Коал» 2013-2014 жылдары 8 тендерден 28 миллион сомдон ашуун киреше алганын жазган. Бирок мамлекеттик сатып алуулар сайтында бул маалымат тастыкталбады.

Алайдын көмүрү жана «Ош-Пирим-Транстын» унаалары

«Ош-Пирим-Транс» ЖЧКсынын оор жүк ташуучу унаалары Бердибай Примовго таандык кен казуучу компаниялардын көмүрүн ташып келет. Жылдын башынан тарта бул ишкана бюджетке 886 миңдей каражат төккөн.

Өткөн жылдын ноябрь айында активист Улукбек Карыбек уулу аталган унаалар ченемден ашыкча жүк ташып, Ош — Сарыташ — Карамык жолун «жараксыз абалга» келтирип жатканын билдирген.

Карыбек уулунун айтымында, Примовдорго тиешелүү 150дөй оор жүк ташуучу унаалар Алай районунун Сары-Могол айылындагы кенден көмүр ташыйт. Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрү Ош — Сарыташ — Карамык жолу 10 тонналык жүккө каралганын белгилешет.

Примовдун ордуна Сары-Могол айыл өкмөтүнүн төрагасы Ыдырыс Камилов жооп кайтарып, унаалар бардык эрежелерди сактап, жолго көзөмөлдөн өткөндөн кийин чыгат деп «Турмуш» басылмасына айткан. Ошондой эле ал бул жол менен башка оор жүк ташуучу унаалар да пайдаланып келгенин белгилеп, Примовдордун үй-бүлөсү кайрымдуулук да жасаганын кошумчалаган. Камиловдун айтымында, алар муктаж болгон тургундарга акысыз көмүр берип, айылды ичүүчү суу менен камсыз кылган.

Камиловдун айткандарын Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Баймамат Эмилов да колдоп, «Пэрити Коал» көмүр казуучу компаниясынан жалпы Алай району пайда көрүп жатканын белгилеген. Эмиловдун айтымында, Примовдун ишканасы аймактык милиция пунктун ачууга, жергиликтүү оорукана жана мектепти оңдоого жардам берген.

«Турмуш» басылмасы жазгандай, жергиликтүү тургундар «Примовдун унаалары жолдорду бузуп жатат» деген айыптоолор шайлоонун алдындагы «кара пиар» деп айтышкан.

Медиабизнес

Бердибай Примовго таандык дагы эки компания — «Ош Пирим Медиа» и «Прайм Медиа».

Көбүнчө «Ош Пирим» телеканалында («Ош Пирим Медиа») жаңылыктар, репортаж жана кинотасмалар жарыяланат. Кээде ал жерде «Примов» кайрымдуулук фондунун ишмердүүлүгү жана Улан Примовдун маектерин көрүүгө болот.

«Прайм Медиа» 2018-жылы «Ош Пиримдин» базасында негизделип, Кыргызстан боюнча «Prime TV» аталышында телевидение аркылуу берип баштаган.

«Примов» кайрымдуулук фонду

«Примов» фонду 2015-жылы Бердибай Примов тарабынан түзүлгөн, ал эми расмий түрдө аны Бегали Таирбек уулу башкарып келет. Таирбек уулу 2019-жылы Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кенешине депутат болуп шайланган.

Ошондой эле «Элим, барсыңбы?» кайрымдуулук фондунун сайтында Таирбек уулу Ош шаарындагы өкүлү катары белгиленген.

Фонддун ишмердүүлүгү пандемия башталгандан тартып жанданган. Примов карантинде Оштун тургундарына азык-түлүк таратып, медиктерге тамак-аш уюштурду. Жакында депутаттын атынан Алайдагы ооруканага медициналык каражаттар берилди. Гумжардамда фонддун логотибин көрүүгө болот.

Социализм айылынын тургундарын тынчсыздаткан кыш заводу

«Улан-Чи» кыш заводу Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Социализм айылында жайгашкан. Майдын акырында жергиликтүүлөр заводдун ишмердүүлүгүнө нааразычылык билдиришип митингге чыгышкан.

Алардын айтымында, өндүрүшкө каттаган оор жүк ташуучу унаалар жолду бузуп жатат. Ошондой эле, кыш жасоо үчүн завод жайыттагы топуракты казып алып жаткандыктан жер оюлуп, аң-чуңкурлар пайда болууда дешет. Заводдун жетекчилиги бул айыптоолорду «негизсиз» деп атаган.

«Улан-Чи» ЖЧКсыны Клара Примова жетектейт — ал Улан Примовдун бир тууган эжеси.

Клара Примова бир тууганынын артынан саясатка бармакчы: ал октябрь айында Ош шаардык кеңешке өтүүчү шайлоого «Биримдик» партиясынан талапкерлигин койгон.

Примовдордун башка компаниялары

Бердибай Примводун башка үч компаниялары тууралуу маалымат анча көп эмес. «Ош Пирим Деронг» ЖЧКсында эки негиздөөчү — Бердибай Примов жана Гуо Ченшин бар. Ишкана унааларды сатуу менен алектенет.

Ошондой эле Примовдордун үй-бүлөсү «Адыгене Строй» курулуш компаниясы жана «Синжи Пирим» ишканасына ээлик кылат — анын негизги ишмердүүлүгү «биотехнологиядан сырткары табигый жана техникалык илимдердин тармагындагы изилдөөлөр» деп көрсөтүлгөн.

Комментарийден баш тартуу жана социалдык тармактарды көзөмөлдөө

Примовдорго таандык кээ бир ишканалардын ишмердүүлүгүнө эл нааразычылык билдиргенине карабастан, депутат «мындай маселелерге реакция кылбай турганын» айтып, интервью берүүдөн баш тарткан. Ошондой эле депутат интернеттеги маалыматты көзөмөлдөө керегин айтып чыккан.

«Бүгүнкү күнү социалдык тармактарда аябай көп туура эмес, ушак, жалган маалыматтар таркап жатат. Ушуга бөгөт коюу, туура маалыматты берүү тууралуу, социалдык тармактарды жалпы маалымат каражаттарын катарында бир кароо же болбосо кандайдыр бир чектөө жаатында мыйзам долбоорун сиздер сунушташыңыздар керек», — деп кайрылган 2018-жылы депутат Улан Примов Юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаевге.

Абдуллаев эл өкүлүнө «бул тармакта иш жүргүзүлүп жатканын жана интернет-сайттар тууралуу сунуштар жакын арада киргизилет» деп жооп берген.

Эки жарым жылдан кийин Жогорку Кеңеш социалдык тармактардагы маалыматты «тазалай» турган мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Депутатттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова сунуштаган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамына ылайык, кайсы маалымат «туура» жана кайсы маалыматка чек коюуну мамлекеттик орган чечип баштайт.

Примов, 78 депутат менен биргеликте, бул мыйзам долбоорунун колдогон.

Учурда мыйзам долбоору кайрадан иштеп чыгаууга жөнөтүлдү — ага президент Соорнбай Жээнбеков кол коюшу же андан баш тартышы керек. Өлкө башчынын акыркы интервьюсуна ылайык, бул мыйзам «бышырылгандан» кийин кабыл алынат.