«Коррупционерди коргогон жакшы эмес». Бекешев менен Райымкулов уруша кетти

Бекешев/Райымкулов

Жогорку Кеңештин 4-марттагы жыйынында депутаттар Дастан Бекешев жана Бактыбек Райымкулов кайым айтыша кетишти.

Бекешев Абдил Сегизбаевдин иши боюнча УКМК тарабынан кармалган Жылдыз Чодобаеваны үй камагына чыгарууну сунуштап, «акчалуу коррупционерлер үй камагына чыгарылып, айрымдары жеке менчик клиникаларда жатканын» белгилеген.

«Теңсиздик мамиле болуп жатат. Ошол Жылдыз Чодобаеваны актайбы актабайбы аны сот чечет. Бирок ошол эле кезде мына коррупционерлерди үйгө жиберип атышат, төрт баланын энесин дагы үйгө чыгаруу керек», — деген Бекешев.

Ошол эле учурда ал айрым депутаттардын коррупционерди колдоо митингине катышканын сыңдап, алар президенттин саясатын да колдоп жатышканын белгиледи. Бекешев «коррупция менен күрөшүү саясатына» түшүнбөй калганын билдирди.

«Биз каерге келдик мен түшүнбөй жатам да. Бийликке каршы митингди уюштуруп, ошол жерде биздин коллегалар жүрүшөт. Президенттин саясатын мактап, а элге барып, башка маалыматты берип жатышат. Киши өзү мен коррупционермин деп айтып жатса булар бийликке каршы чыгып жатышат. Коррупционерди коргогон жакшы эмес. Түшүнбөй калдым таптакыр», — деди ал.

Андан соң депутат Бактыбек Райымкулов Бекешевдин жанына басып келген. Ошол учурда депутаттардын кыйкырып сөгүшүп кеткени угулган. Бирок ким кимди кантип сөккөнү белгисиз.

«Голубойсуң! Эй долбаеб! Голубой», — деген сөздөр угулган.

Андан соң Райымкулов өзүнүн ордуна басып келген. Көп өтпөй ал микрофонго чыгып, бейөкмөт уюмдардын ишин татаалдаштырган мыйзам долбоорун үчүнчү окууга чыгарып берүүнү суранды.

«Болбосо бүгүнкү күнү Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар арасында батыштын кызыкчылыгы менен ар кандай митингдерди уюштуруп жатышат. Ошолор ар бир кылган иши үчүн жооп бериши керек. Биз ал жерде НПОлор бир жылдагы иши боюнча маалымат берсин дегенбиз», — деди депутат.

Тема боюнча: Фирмалар, бодо мал, көк бөрү. Бейөкмөт уюмдардан отчёт алгысы келген депутат Райымкуловдун байлыгы

Ал эми кийинчерээк депутат Таабалды Тиллаев да Бекешевге жооп кайтарды. Анда Тиллаев «Ким кайсы митингге чыгат, кимди колдойт ал өзүнүн иши» деп билдирди.

«Ким кайсы митингге чыгат, кимди колдойт ал өзүнүн иши. Өзүнүн жүрүм туруму менен жооп берет. Бул жерде ар кандай саясат кылбай, коллегаларга тийишпей жүрсөк. Гей, голубойлорду колдогон коллегаларыбыз да бар. Ошон үчүн бири-бирибизге тийишпей жүрсөк», — деди Тиллаев.

Буга чейин Ош шаарында экс-бажычы Райымбек Матраимовдун колдоо митингине Тиллаев, Райымкулов жана депутат Мирлан Бакиров да катышкан. Үч депутат тең парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер болушкан.

Матраимов УКМК тарабынан «Кылмыштуу кирешелерди адалдоого» айыпталып кармалган болчу.

Ал эми ага чейин, 11-февралда, Матраимов бажыдагы аткезчилик боюнча «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп табылган — сот ага 260 миң сом өлчөмүндө айыппул салып, бошоткон болчу. Ошондой эле сот анын кыймылсыз мүлктөрүн жана банктык эсептерин камактан чыгарган.

Матраимов кармалгандан соң анын тарапташтары Кара-Суу, Бишкек жана Ош шаарларында митинг өткөрүштү. Ошто өткөн митингде экс-бажычыны колдогондор аны бошотууну, «Азаттык» радиосунун жана бейөкмөт уюмдардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

«Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөө жасаган. Анда көптөгөн жылдар бою республиканын аймагынан контрабанда ташып өтүүгө жол берген коррупциялык схема иштеп келгени айтылган.

Аткезчиликтин башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен чогуу сүрөткө түшкөн жана экс-президент Жээнбековдун ант берүү аземине катышкан бизнесмен Хабибулла Абдукадыр турган.

Иликтөөдө журналисттер бул аткезчилик схеманын бар экенине далил келтиришкен, ал эми булактардын бири Айеркен Саймаити ал кандай иштерин айтып берген.

Ошондой эле ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияны жаап-жашырганын, бул өз кезегинде көмүскө бизнестин иштешин камсыз кылып турганын билдирген.

Кризис учурунда бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүүнү кимдер эмне үчүн сүрөмөлөп жатат?

Куда, тууган, депутат жана достор. «Мекеним Кыргызстандын» тизмесинде дагы кимдер бар?