УКМК 2 миллион сом опузалоого шектелген УКТ мүчөсүн кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 12-ноябрда уюшкан кылмуштуу топтун активдүү мүчөсү колго түшкөнүн кабарлады. Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражатын опузалоого шектелип жатат.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, кармалган З.Б. аттуу жаран күч колдонуп жазалайм деп коркутуп Б.И. аттуу жарандан опузалоо жолу менен 2 млн сом талап кылган. Шектүү УКМКнын ТИЗОнун убактылуу кармоо жайына киргизилди. Ал эми УКМК кызматкерлери аталган ишке тиешеси бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды издеп жатат.