Бишкек — Ош жолунда бензовоз күйүп, бир адам каза тапты

ӨКМдин басма сөз кызматы 14-ноябрда Токтогул районуна караштуу Жаңы-Жол айыл аймагынын Бишкек — Ош унаа жолунда күйүчү май ташыган унаа күйүп кеткенин кабарлады.

Алардын маалыматы боюнча, кырсык катталган аймакка саат 14:30да 1 техника тартылып, өрт саат 17:00дө толук өчүрүлгөн.

ӨКМден белгилешкендей, өрттү өчүрүүдө куткаруучулар белгисиз адамдын сөөгүн табышкан, ал эми кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.