Акыркы суткада коронавирустун 103 жаңы учуру катталып, үч адам каза болду

Кыргызстанда 16-ноябрга карата коронавирустун 103 жаңы учуру катталды, үч бейтап каза болду. Ал эми илдеттен 97 адам айыкты.

  • Бишкек шаарында — 47;
  • Чүй облусунда — 35;
  • Ысык-Көл облусунда — 7;
  • Жалал-Абад облусунда — 6;
  • Талас облусунда — 3;
  • Нарын облусунда — 2;
  • Баткен облусунда — 2;
  • Ош облусунда — 1;

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 182 528ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 177 006 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 710 адам көз жумду.

Учурда 531 бейтап ооруканада, ал эми 752 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 16-ноябрга карата 11 322 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 5 207 адам биринчи дозасын, ал эми 6 115 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.