Бишкекте президенттин тапшырмасы менен көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатылып жатат

Бишкекте Мурманск көчөсү 1б/1 дарегинде арзандатылган баада көмүр сатылып жатат. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы 16-ноябрда «Кабар» агенттигине маалымдады.

Мамишкананын маалыматы боюнча, көмүрдүн бир тоннасы 3 миң сомдон сатылып жатат. Бирок атайын чектөөгө ылайык, бир үй-бүлөгө эки тоннадан ашык сатылбайт.

«Кыргызкөмүр» мындай чектөө алып сатарлардын кызыл кулактыгын алдын алуу үчүн көрүлгөн чара экенин белгилеп, бирок «жакынкы күндөрү» чектөө жоюлушу пландалууда деп түшүндүрмө беришти.

«Учурда борбор калаага көмүр жүктөгөн 16 унаа келе жатат, ар биринде 25-30 тоннадан көмүр бар», — деп билдиришти мамишканадан.

Көмүрдүн баасы президент Садыр Жапаров ЖЭБ-2нин айланасында пайда болгон жаңы конуштун тургундары менен жолуккандан кийин арзандады. Анда өлкө башчысы борбордо көмүрдүн баасы «арзандайт» деп убада берген.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, ноябрь айында Бишкек жана Ошто бир тонна көмүрдүн баасы 2 500 сомдон 8 500 сомго чейин болгон (көмүрдүн түрүнө жана казылган жерине карата). Антимонополиядан «Кыргызкөмүр» көмүрдү жеткиликтүү көлөмдө алып келбегендиктен баалар туруксуз болуп жатканын билдиришкен.