Акыркы суткада коронавирустан үч адам каза болуп, 62 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда 18-ноябрга карата коронавирустун 62 жаңы учуру катталып, үч бейтап каза болду. Ал эми илдеттен 92 адам айыкты.

  • Бишкек шаарында — 17;
  • Чүй облусунда — 17;
  • Ош облусунда — 11;
  • Ысык-Көл облусунда — 9;
  • Баткен облусунда — 5;
  • Жалал-Абад облусунда — 2;
  • Талас облусунда — 1;

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 182 667ке жетти. Ал эми өлкө боюнча 177 200 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 713 адам көз жумду.

Учурда 560 бейтап ооруканада, ал эми 661 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 18-ноябрга карата 11 446 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 5 613 адам биринчи дозасын, ал эми 5 833 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.