Карындашын «парламенттен көргүсү келген» Кудрет Тайчабаровго сөгүш берилди

Министрлер кабинети 16-ноябрда «Шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» президенттин жарлыгын аткарбаганы үчүн «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаровго сөгүш жарыялады. Маалыматты «Клоопко» Тайчабаров өзү тастыктады.

Министрлер кабинетинин чыгарган чечими. Сүрөт: БШКнын сайты

Тайчабаров өзү Минкабдын сөгүш бергенин «президенттин сөзүн эки кылбоо үчүн көрүлгөн чара катары кабыл алганын» белгиледи.

«Эгерде сотко берсем утуп алам, бирок бербейм. БШКнын айыптоосу олуттуу деле болбогондуктан Министрлер кабинети сөгүш берүү менен эле чектелди. Эгер айыптоону олуттуу деп тапканда жумуштан алышмак. [...] Карындашына ийгилик каалоонун эч кандай жаман жагы жок», — деди Тайчабаров.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаровго чара көрүүнү сурап Президенттин администрациясына кайрылган.

Тайчабаровдун карындашына арнап жазган посту

БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 24-октябрда Тайчабаров «Ынтымак» партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган бир тууган карындашы Адинай Мариповага төрт сап ыр арнап, анын парламентке келишин каалап фейсбук барагына пост жазган.

Тайчабаровдун карындашына арнап жазган посту. Сүрөт: БШКнын сайты

Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов «Клоопко» бул көрүнүш жетекчинин шайлоого аралашканы, админресурс колдонуу катары сыпатталып жатканын билдирген.

Ал эми Кудрет Тайчабаров «Клоопко» карындашына арнап жазган постунда эч кандай үгүт жоктугун жана БШКнын чечимине каршы экенин билдирген.

«Бул менин жеке баракчам, мен эч кимге үгүт жасабай, өз карындашыма ийгилик кааладым. Анын үстүнө мен жумушта эмес, 20-октябрдан 30-октябрга чейин ооруканада жаткам. Жумуш учурунда эч кандай агитация болгон эмес. [...] БШК өзү мыйзамды толук билбей туруп мындай чечим кабыл алганы туура эмес», — деген ал.

Ошондой эле, Тайчабаров мамлекеттик кызматкер эместигин, «Бишкек» эркин экономикалык аймагына бюджеттен айлык бөлүнбөй турганын кошумчалаган.

Буга чейин, 5-ноябрда Кудрет Тайчабаров «Азия Ньюс», NazarNews.org жана Gezitter.org басылмаларын сотко берген. Тайчабаров аталган басылмалар ага карата «кылмыш иши козголоорун» айтып туура эмес маалымат беришкен деп билдирген. Аткаминер аталган ЖМКлардан 50 млн сом компенсация талап кылган.

Адинай Марипова деген ким?

Адинай Марипова.

Адинай Марипова «Бишкек» эркин экономикалык айматыгын директору Кудрет Тайчабаровдун бир тууганы. Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде президенттин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп дайындалган.

Марипова 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясы менен аттанган. Аталган партияны Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев негиздеген.

Ал шайлоого чейин «Чемпион» каймана аты менен таанымал депутат Урмат Самаевдин консультанты болгон.

Адинай Марипова президенттик шайлоодо Жапаровдун үгүт кампаниясында иштеген. Ал эми 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо ал «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын колдогон. Аталган партияны Камчыбек Ташиев менен байланыштырып келишет.

Шайлоо-2021

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат. Депутаттар 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш шайлоо системасы аркылуу өтөт. 54 депутат бирдиктүү шайлоо округунан, пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайланышса, ал эми 36 элдик депутат мажоритардык система аркылуу бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат.

Өлкө боюнча партиялардын жана бир мандаттуу округдардан жалпы — 1300дөн ашык талапкер ат салышууда. Шайлоого 21 саясий партия катышып жатат.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«50 млн сом». Кудрет Тайчабаров бир катар басылмаларды сотко берди