«50 млн сом». Кудрет Тайчабаров бир катар басылмаларды сотко берди

Кудрет Тайчабаров

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаров «Азия Ньюс», NazarNews.org жана Gezitter.org басылмаларын сотко берди. Бул тууралуу ал «24.kg» басылмасына билдирди.

Тайчабаров аталган басылмалар ага карата «кылмыш иши козголоорун» айтып туура эмес маалымат беришкен деп жатат. Аткаминер аталган ЖМКлардан 50 млн сом компенсация талап кылууда.

«Материалда мени түрмөгө олтургузат деп айтышкан. Мени эч ким суракка чакырган жок. Ага эч кандай негиз жок. “Бишкек” экономикалык аймагын УКМК кызматкерлери такай көзөмөлдөп турушат. Бул маалыматтан кийин мен реанимацияга түшүп, кан басымын көтөрүлүп кетти», — деди Тайчабаров.

Эмне деген макала?

14-октябрда «Азия Ньюс» гезити «“Мошенник” Кудрет Тайчабаров коррупция, алдамчылык боюнча камалабы?» аталыштагы макала жарыялаган. Аны NazarNews.org жана Gezitter.org басылмалары өз сайттарына чыгарышкан.

Материалдын автору Тайчабаровду «чала журналист» деп атап, «Бишкек» ЭЭАны «тажрыйбасы жетпесе да төңкөрүштүн шарданы менен» жетектеп келгенин билдирген. Мындан сырткары, макалада анын «ишмердиги ирип», ал «коррупцияга шектелип жатканы кандай?» жана күч органдары тергөөнү баштаса «анын жүзүн, алдамчылыгын жакында билебизби?» деген суроолорду калтырган.

Кудрет Тайчабаров

Журналист Кудрет Тайчабаров «Жаңы Агым» гезитинде жана бир катар басылмаларда иштеген.

Тайчабаров буга чейин Москва шаарында жүрүп, «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү Айбек Осмонов коркутууга кабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. Ошондой эле, журналист Осмонов «Мекеним Кыргызстан» партиясын таасирлүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө «тарттырып алганын» айткан.

Көп өтпөй Тайчабаров Кыргызстандын ИИМинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө чакырылган.

2020-жылдын сентябрында Тайчабаров депутаттык мандаттан баш тарткан — ал «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде болчу. Журналист «кимдир бирөө “Кыргызстан” партиясынын депутаттарын мандат тапшырууга, ал эми ага чейинки талапкерлерди мандаттан баш тартууга мажбурлап жатканын» айткан.

«Мени ар кандай жолдор менен Кыргызстанга алып келип, кандайдыр бир себептер менен кармоону көздөп жатышат. Ошондуктан мандатка кезекти тез арада жылдырышты. Бирок мен андан баш тарттым», — деген ал.

Ал эми 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин Тайчабаров «Бишкек» ЭЭАнын башчысы болуп дайындалган. Мындан сырткары, Тайчабаровдун бир тууганы Адинай Марипова президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси кызматына келген.

Марипова 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен аттанган. Кийинчерээк ал президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун штабында иштеген. Ал эми жергиликтүү кеңештерге өткөн шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын колдоп жүргөн.

Учурда Марипова парламенттик шайлоого «Ынтымак» партиясы менен катышууда.