Патологоанатом эмне иш кылат? Өлүкканадагы бир күн

Эскертүү, сезимтал адамдарга бул фоторепортажды көрүү сунушталбайт. Андан көрө бул материалдарды көрүп чыгыңыз: «Сүрөт баян: Сүлүктү шахтасында көмүр кандай мээнет менен казылат?» же Баткенден сүрөт «Алтын күзгө боёлгон Баткен — Лейлек жолунан сүрөт баян».

Соттук-медициналык эксперттер кандай шартта эмгектенишет?

Гүлиза Урустамбек кызы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда бир күн болду. Андагы фоторепортаж менен таанышыңыз.

Бишкекте болгону эки морг бар жана анын бири — дал ушул Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору. Патологоанатом Марат Моношов бул жерде 23 жылдан бери иштейт.

Өлүккана имараттын биринчи кабаттында жайгашкан. Ал жарык жана жаңы акталган, сырдын жыты өлүктүн жыты менен аралашып кеткен. Кызматкерлер бул жытка эбак эле көнүп калышкан.

Патологоанатом Моношов өзүнүн ишин детективдин ишине теңейт, анткени адам өлүмүнүн себебин, көз жумган убактысын аныктоо үчүн сөөктү изилдөөгө туура келет. Патологоанатом болуп жыйырма жылдан ашык иштегенине карабай, кээ бир учурларда жаман абалда калат — мисалы жаш балдардын сөөгүн изилдеген учурлар.

Анын айтымында, өлүкканага күнүнө 10дон 15ке чейин сөөк алып келишет. Каза болгондордун жакындары сөөктүн моргдо калышына көп учурда каршы болушат, бирок патологоанатом карап чыкмайын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилбейт. Бирок арасында жакындары табылбай калган сөөктөр дагы бар.

Мындан сырткары, жумуш шарттары мышык ыйлай турган абалда. Мисалы, Республикалык борбор журналисттердин көңүлүн өзүнө 2017-жылы бурган. Анда Бишкекке жакын айылдардын бирине — Дача Сууга — самолет кулап, көп адам көз жумган. Алардын сөөктөрү ушул борборго жеткирилген, ошондо гана адамдар патологоанатомдор чириген түтүктөрдүн арасында, эскилиги жеткен жабдыктар менен иштөөгө аргасыз экенин көрүшкөн. Дубалдарды көк баскан, айрым бурчтары көчүп кеткен, адистер болсо жабдуу катары ашкана бычактарын, араа жана башка үй аспаптарын колдонушкан.

Фотодолбоор Сорос-Кыргызстан фордунун колдоосу менен ишке MediaJasa долбоорунун алкагында даярдалды.

Тема боюнча окуңуз:

Депутаттар морг кызматкерлеринин арызына нааразы кесиптешин табууга убада беришти

Адам чыдагыс шарттар: кыргыз моргдорунда патологоанатомдор кантип иштешет?