Бишкектин жанында жүк ташуучу «Боингдин» кулашы жергиликтүү паталогиялык анатомиядагы мүшкүлдөрдү ачыкка чыгарды. Каргашадан кийин дароо эле Республикалык сот-медициналык экспертиза борборуна ондогон өлүктөр келип түшө баштады. Кыргыз паталогоанатомдору кандай үрөй учурган шарттарда иштеп жатышканын коомчулук ошондо билди: антисанитария, чириген түтүктөр, жедеп эскилиги жеткен жабдуу менен аспаптар, ага кошул-ташыл болуп – адам чыдагыс шарттар тууралуу бийликке арызданууга тыюу салынганы ашкере болду.

Материалдын түп нускасы «Настоящее время» сайты үчүн жазылган.

Абайлагыла: видео адамдын эсин эки кыла турган кадрларды камтыйт

Бишкек моргунун кызматкерлери жана маркумдарды экспертизага алып келгендер үчүн жагымсыз жагдайлар тыштан эле башталат.

«Жаан жааганда бул жерге суу топтолуп калат, анан эл ушинтип өткөнгө аргасыз. Бул жерде жол оңдолуп жатканда мен адамдар басып өтүшү үчүн кызматкерлерди билгизбей бордюр алып келүүгө жумшагам», – деп Бишкектеги Республикалык сот-медициналык экспертиза борборунун кызматкери Эрмек Максутов көрсөтүп берди.

Имараттын ичинде көк басып кеткен дубалдар, нымдан саргайып кеткен шып көзгө урунат. Бул эң коркунучтуусу эмес.

Сот-медицина экспертизасы жүргүзүлчү имарат 30 жыл мурун пайдаланууга берилген. Бирок бул жерде капиталдык оңдоо иштери эч качан болгон эмес жана дагы көпкө болбойт окшойт.

«Мына жарака. Бул жерде үстүндө даараткана бар, ошол жактан тамчылап турат. Кээде ал жак бүтөлүп калганда мен башыма бирөөнүн заарасы тийбесин деп санитар менен мынабу жерден өтөм», – деп айтып берди Эрмек Максутов.

Моргдун дубалдарында жаракалар өтө эле көп. Дат басып чириген түтүктөрдүн ар кайсы жеринен суу агып турат. Жакында кызматкерлер аларды өз күчү менен эптеп оңдошкон, бирок анысы көпкө жетеби?

Эмне үчүн имарат эмгиче авариялык абалда деп жарыяланган эмес? Моргдун кызматкерлери аны түшүндүрө алышпайт.

Моргдогу дубалдар урап түшкөнү турат.

Жердин баарында өлүктүн жыты: адам чыдагыс сасык жытты бул жерде ага көнүп бүткөн кызматкерлер гана сезбегендей көрүнөт.

Өлүктөрдү союш үчүн негизги аспаптар – аш бычактар, араа жана башка үй шаймандары. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинде атайын шаймандарды алууга акча жок.

Жогорку кабатта абал андан анча жакшы эмес, мурунду өрдөгөн жыт бул жакка да жетет. Тамтыгы чыккан төшөлгө, жыртык линолеум кадам сайын кездешет. Маскаларды, мээлейлерди, ал тургай самынды да лаборанттар өз чөнтөгүнөн сатып алышат.

Негизги жабдуу ушунчалык эски болгондуктан демөөрчүлөр тартуу кылган азыркы термостат алардын жанында анча коошпой кетет.

Техника совет мезгилинен бери алмашкан эмес, айрым аппараттар бирден гана нускада жана араң эле жаны бар.

Эгерде алар да керектен чкса, экспертиза жасай турган эч нерсе жок калат.

«Мына бул аппарат хромотограф деп аталат. Ал 1976-жылы чыккан. 40 жылдан бери иштеп келатат. Бул канда, булчуңда, заарада жана өт суюктугунда алкоголду аныктай ала турган бирден-бир аппарат. Бүт республика боюнча жалгыз ушул гана бар», – деп айтып берди соттук биология бөлүмүнүн лаборанты Анара Молдогазиева.

«Биз бул жакка келгенден бери биздин лаборатория бир да жолу оңдолгон эмес, – деп ага кошула кетти соттук биология бөлүмүнүн лаборанты Наталья Бектенова. – Биз чалынып түшүп, өлүп калбайлы деп улам жаап турабыз. Ушундай шарттарда биз жабыркагандарды да, айыпталуучуларды да кабыл алабыз. Бизде иш үчүн мээлей да жок. Кагазды сатып алабыз, клейди өз чөнтөгүбүздөн сатып алабыз».

Жакында Бишкектин саламаттык сактоо департаменти телефонограмма таратып, дарыгерлердин Президентке, парламентке, өкмөткө жана башка жогорку органдарга кошумча жардам сурап кайрылышына тыюу салды.

Эмгек шартын оңдоонун ордуна аткаминерлер медицина кызматкерлеринин оозун жаап, арыздандырбай, укпай койгондорду иштен кетиребиз деп коркутушууда. Соттук медицина экспертизасынын кызматкерлери кыйынчылыктары тууралуу айткандан коркушпайт.

Арзыбаган тыйын төлөнө турган ишинен айрылып калуу деле аларды анча чочутпайт. Бишкектеги соттук медицина экспертиза бюросунун кызматкеринин орточо айлыгы 100 долларга жетпейт.

ТЕМА БОЮНЧА: