Көмүр кантип казылат? Аны кимдер казат? Бизди жылуулук менен ким камсыздап жатат?

Гүлиза Урустамбек кызы Сүлүктүдөгү «Нур» шахтасында бир күн болуп келди. Биз сизге анын сүрөт баянын тартуулайбыз.

«Нур» көмүр кенинде шарт оор, ал жерде 50гө жакын киши иштейт. Шахта Сүлүктүдөн 15 чакырым алыстыкта жайгашкан. Көмүр казган сайын шахтачылар 200 метр тереңдикке түшүшөт.

Шахта караңгы, ичинде аба чаң аралаш жана ысык. Мындай шартта көмүр казгандар суткасына 12 сааттан иштешет. Казып чыккан көмүрдүн тоннасы үчүн шахтачы 800 сом алат.

Шахтачылар 55 жаштагы Абдирасил Кошбаковдун кол алдында иштешет. Анын шахта иштеринде 15 жылдык тажрыйбасы бар. Кошбаков 2700 сом пенсиясы эч нерсеге жетпегендиктен шахтада иштөөгө аргасыз экенин айтат.

Шахтанын дагы бир кызматкери — Орозбек — бул жерде 2009-жылдан бери иштейт. Ал эки баласына татыктуу билимди камсыздаш үчүн ушундай шартта иштегенге даяр. Шахтачылардын көбү балдарына өздөрүнүкүндөй турмушту каалашпайт.

Алар кезектеги иш баштаган ар бир күнү канчалык коопсуз болорун билишпейт.

Шахтада көмүр казуу абдан кооптуу. Адамдар урандыда калып же көмүр исине ууланып каза болушат.

2021-жылдын ноябрында Жыргалаңда кароосуз калган шахта урап, бир киши каза болгон. Мартта Сүлүктү шахтасында иштеген адам көмүр исине ууланып, ооруканага түшкөн. 2020-жылдын декабрында ошол эле Сүлүктүдө 37-жаштагы шахтачы урандыда калып каза тапкан. 2020-жылдын июнунда Сүлүктү шахтасында газга ууланып дароо 4 киши ажал тапкан.

Фотодолбоор MediaJasa долбоорунун алкагында Сорос-Кыргызстан фондунун колдоосу менен даярдалды.

«Суусап, ачка болгон жокпуз. Жылынгыбыз келип жатты». Жыргалаңда куткарылган шахтердун монологу

«Көмүргө байланган Сүлүктү». «Азаттыктын» Сүлүктү шахтачылары тууралуу тасмасы