«Басым жасаган». «Ишенимдин» талапкери Умарбековдун үстүнөн дагы үч арыз түштү

Шерзодбек Умарбеков

«Ишеним» партиясынын талапкери Шерзодбек Умарбековдун үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына үч арыз түштү. Арыз ээлери Умарбеков аларга «басым» жасаганын билдиришкен.

Биринчи арыз Сузак аймактык шайлоо комиссиясына 17-ноябрда түшкөн. Анда «Ата-Журт Кыргызстандын» ыйгарым укуктуу өкүлү Фарход Хамидов талапкердин атасы Абдурашид Умарбеков 14-ноябрда партиянын штабына келип, ага «басым жасаганына» даттанган.

Хамидов Умарбеков аны «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы үчүн иштеп жатканы үчүн «ыплас сөздөр менен сөгүп, көкүрөгүнө урганын» билдирген. Сузак райондук ички иштер башкармалыгы «Майда бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Анын эртеси күнү, 18-ноябрда, Сузак айылдык кеңешинин депутаттарынын бири Шерзодбек Умарбеков аны коркутуп, шайлоодо ага добуш берүүнү талап кылганын билдирген. Сузак РИИБи «Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу» беренеси менен тергөөнү баштады.

Фейсбукта тараган аудиожазуу

Дагы бир арыз Фейсбук колдонуучу Аида Казакбаева жарыялаган аудиожазууга байланыштуу. Анда ыктымал Умарбеков жана Сузак аймактык ооруканасынын «Одинахон» аттуу кызматкеринин сүйлөшүүсү жазылганы айтылат.

Казакбаева Умарбеков «бийликтин партиясынан болгонун жана ага эч ким эч нерсе кыла албайт» деп Сузак айыл өкмөтүндөгүлөрдү коркутуп алганын билдирген.

Ал эми аудиожазууда медкызматкер делген аял Сузактагы «Манас», «Мадумар-Ата» жана «Октябрга 50 жыл» мектептерде жайгашкан шайлоо участокторунан добуш алып берүүнү сунуштаган.

«Одинахон» участокто дарыгерлер комиссиясынын мүчөсү болгонун жана кирген адамдарга кимге добуш берүүнү айта турганын айткан. Ошондой эле ал ыктымал Умарбековго «башка үгүтчүлөргө ашыкча чыгым кылбоого» кеңеш берген.

Арыз Сузак аймактык шайлоо комиссиясына келип түштү. Милиция бул фактыны маалыматты каттоо журналына каттап, териштирүүнү баштады.

«Президенттин көзөмөлүндөгү балдарбыз»

13-ноябрда Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров Умарбековдун үстүнөн милицияга даттанган. Ал «Ишенимдин» талапкери ошол кезде Сузак айыл өкмөтүнүн жетектеген бир тууган иниси Бекзад Абдурашидовдун «бир тал чачы түшпөшү» керектигин айтып коркутканын айткан.

Сыдыкназаров Умарбеков «президенттин көзөмөлүндөгү балдарбыз» деп айтканын белгилеген. Умарбеков акимге чалганын тастыктап, бирок аны «президенттин атын жамынып» коркутпаганын айткан.

Сузак РИИБи бул факты боюнча «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчынын атын пайдалангандар жоопкерчиликке тартылаарын билдирген. Ошондой эле Султанбаев бул өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп жаткандарга тийиштүү экенин белгилеген.

Бекзат Абдурашидов 18-ноябрда кызматтан алынды. Анын иштен алынышына анын үстүнөн жазылган жергиликтүү тургундар менен депутаттардын арыз-даттануулары себеп болгону кабарланган.