«Ишенимдин» талапкеринин бир тууганы Сузак айыл өкмөтүнүн башчылыгынан алынды

Бекзад Абдурашидов

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Бекзад Абдурашидов кызматынан алынды. Маалыматты «Клоопко» президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн тастыкташты.

Өкүлчүлүктөн Абдурашидовдун иштен алынышына анын үстүнөн жазылган жергиликтүү тургундар менен депутаттардын арыз-даттануулары себеп болгонун билдиришти.

Жалал-Абад облустук прокуратурасынан «Азаттыкка» билдиришкендей, арыз ээлери Абдурашидов «мектептерге көмүр алууда жана Сузак айыл өкмөтүнүн имаратынын өрттөнүп кетишине шалаакы мамиле кылганына» даттанышкан.

*10-октябрда Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыгып, андагы архивдик документтер жана эмеректер күйүп кеткен. ӨКМден өрт көмүр сактоочу жайдан чыкканын айтышкан. Ал эми имаратты оңдоо үчүн жергиликтүү тургундар акча чогултуп башташкан.

«Өрттөн мамлекетке 7,5 миллион сомдук зыян келтирилген. Райондук прокуратуранын сунуш берүүсүнө ушул жагдай да негиз болгон. Экинчиден, айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү, аракеттери боюнча жазылган», — деп маалымдашты прокуратурадан.

Мындан улам Сузак райондук прокуратурасы 16-ноябрда акимчиликке мыйзам бузууларды четтеттүүнү жана Бекзад Абдурашидовго тартиптик жаза берүүнү сунуштаган.

*Жергиликтүү бийлик тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, район акимдери айыл өкмөт башчыларын дайындайт жана кызматтан алат. Буга чейин мындай укук айылдык кеңештин депутаттарын таандык болгон.

Ал эми Абдурашидов кызматынан мыйзамсыз алынганын айтып, президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жолдоду. Анын айтымында, ал кызматка келгенден тартып коррупционерлер менен иштешүүнү каалабастыгын айтканда, ага карата бут тосуулар башталган.

«Ошондо Сузак айыл өкмөтүнүн [башчысынын] мурдагы орун басары “Бекзад, мен 30-40 чек карызым бар, ошону сатып алайын, 1-2 ай иштеп турайын” деп менден суранды. Бирок мен ага жол бербедим — аны кызматтан кетирдим. Аны кызматтан кетирген күнүмөн баштап мага облус жетекчилеринен тартып көптөгөн чалуулар болду, көптөгөн кишилер мага жолугуп, бул кишини кайра өз кызматына коюуну талап кылды. Бирок мен андай коррупционерлерди кызмат ордуна коюудан баш тарттым. Менин ишиме бут тосуулар ушул ишимен башталды», — деди Абдурашидов.

«Президенттин көзөмөлүндөгү балдарбыз»

Баратбек Сыдыкназаров / Шерзодбек Умарбеков

Буга чейин Бекзад Абдурашитовдун бир тууганы, «Ишеним» партиясынын талапкери Шерзодбек Умарбековго байланыштуу чыр чыккан.

13-ноябрда Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров Умарбековдун үстүнөн милицияга даттанган. Ал «Ишенимдин» талапкери ошол кезде Сузак айыл өкмөтүнүн жетектеген бир тууган иниси Бекзад Абдурашидовдун «бир тал чачы түшпөшү» керектигин айтып коркутканын айткан.

Сыдыкназаров Умарбеков «президенттин көзөмөлүндөгү балдарбыз» деп айтканын белгилеген. Умарбеков акимге чалганын тастыктап, бирок аны «президенттин атын жамынып» коркутпаганын айткан.

Сузак РИИБи бул факты боюнча «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчынын атын пайдалангандар жоопкерчиликке тартылаарын билдирген. Ошондой эле Султанбаев бул өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп жаткандарга тийиштүү экенин белгилеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузактын акими «Ишеним» партиясынын талапкеринин үстүнөн милицияга арызданды