Сузактын акими «Ишеним» партиясынын талапкеринин үстүнөн милицияга арызданды

Баратбек Сыдыкназаров / Шерзодбек Умарбеков

Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров «Ишеним» партиясынын талапкери Шерзодбек Умарбековдун милицияга арыз жазды. Анда райондун башчысы Умарбеков «президенттин атын жамынып» аны телефон аркылуу коркутканын билдирген.

Акимдин айтымында, талапкер Умарбеков бир тууган иниси, Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Бекзад Абдурашидовдун «бир тал чачы түшпөшү» керектигин айтып коркуткан.

«Өткөн аптанын жума күнү [Шерзодбек Умарбеков] мага WhatsApp аркылуу байланышып, Сузак айыл өкмөтүн башкарып жаткан инисинин “бир тал чачы түшпөшү керектинин” айтып, талап коюп кирди. Ал сүйлөшүүдө “президенттин көзөмөлүндөгү балдарбыз” дегендиктен милицияга кайрылдым», — деди Сыдыкназаров «Турмушка» курган маегинде.

Ошондой эле Сузактын акими президент Садыр Жапаров «шайлоону таза өткөрүп, анын ысымы менен жамынып жүргөндөргө катуу чара көрүлөт» деп айтканын эске салган.

Сузак РИИБи бул факты боюнча «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Умарбеков — Сузак айылдык кеңешинин депутаты. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барган. Анын аты Сузакта шайлоодон кийинки жаңжалда да аталган.

«Президенттин атын колдонгондор жазаланат»

Сузактагы окуядан кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчынын атын пайдалангандар жоопкерчиликке тартылаарын билдирди. Султанбаев бул өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп жаткандарга тийиштүү болгонун белгиледи.

«Биз бардык жарандарды, мамлекеттик органдардын жана башка бюджеттик мекемелердин өкүлдөрүн мамлекет башчысынын атын кыянаттык менен пайдалануу фактылары болсо, токтоосуз түрдө билдирүүгө чакырабыз», — деди ал.

Коопсуздук кеңештин катчысы буга чейин Марат Иманкулов «Азаттыкка» маек куруп, президент Садыр Жапаровго «ыктаган партиялар жана талапкерлер болбойт» деп ишендирген.

Ал эми президент 14-октябрда шайлоого катыша турган депутаттарга кайрылып, добуштарды сатып албоого чакырган. Өз кезегинде Жапаров «административдик ресурс колдонулбайт» деп убадалаган.

«Менин сиздерден суранаарым, келиңиздер, шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрөлү. Талапкерлер, партиялар сиздер тараптан добуш сатып алууну токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет», — деген Жапаров.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Конституцияга ылайык аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.

Шерзодбек Умарбеков жана «админресурс»

9-ноябрда №13 Сузак шайлоо округунун талапкери Юлия Лилиенталь соцтармактарда видеокайрылуу жасап, Шерзодбек Умарбековду «административдик ресурс пайдаланууга» айыптаган. Лилиентальдын айтымында, «Ишенимдин» талапкери үгүт иш-чарасына Сузак айылдык кеңештин депутаттарын жана айыл өкмөт башчысын тарткан.

Лилиенталь дагы Умарбеков «президенттин атын жамынып жүргөнүн» белгилеген. Ошондой эле ал Абдурашид Умарбеков — Шерзодбек жана Бекзаддын атасы — январда өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун өкүлү болгонун белгилеген.

«“Ишенимдин” талапкери Шерзод Умарбеков Сузактагы мечиттерди кыдырып, партиялык билетти ага “жеке президент Садыр Жапаров берген” деп айтып жүрөт. Ошондой эле, Садыр Жапаров ошол Шерзод Умарбековду Сузак районунан талапкер катары көргүсү келип жатканын айтып жүрөт. Биз президенттен бул канчалык чын экени тууралуу жооп алабыз деп үмүттөнөбүз», — деп айткан Лилиенталь.

Сузак РИИБи «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Тергөөнүн жүрүшүндө Умарбековдун 3-ноябрдагы үгүт иш-чарасына Сузак айылдык кеңешинин депутаттары, мурдагы айыл башчылар жана аксакалдар сотунун судьясы катышканы аныкталган.

Сурак маалында айылдык кеңештин депутаттары иш-чарага катышканын тастыктап, Умарбековду колдой турганын айтышкан. Ал эми үгүткө Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы жана кызматкерлери катышканы тастыкталган эмес, мындан улам милиция ишти кыскарткан.