Мадумаровдун кадыр-баркы. «Бүтүн Кыргызстан» «Акипресстин» үстүнөн БШКга даттанды

Адахан Мадумаров. Сүрөт: «Бүтүн Кыргызстан» партиясы

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү Артур Бакиров «Акипресс» басылмасынын үстүнөн Борбордук шайлоо комиссиясына даттанды.

Бакиров басылма 19-ноябрь күнү жарыяланган «Президент Жапаров талапкерди чыккынчылык үчүн отургузууну убадалады» аталышындагы макала партиянын лидери Адахан Мадумаровдун «кадыр-баркына шек келтириши мүмкүн» деп эсептейт.

Садыр Жапаров эмне деген?

Президент 19-ноябрда Баткен облустук медиа-борборунун жетекчиси Мамажан Бердишевге маек куруп, облуска тиешелүү бир катар маселелерге токтолгон. Анда Жапаров шайлоодон кийин Баткенде жерлерди сатып жиберген «чыккынчыларды» суракка алып, жоопкерчиликке тарта турганын белгилеген.

Садыр Жапаров жана Мамажан Бердишев. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

«Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Мындай учурда суракка ала албайсың. Шайлоодон кийин суракка алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн жазага тартуу мөөнөтү чектелбеш керек», — деген Жапаров.

Маекте Жапаров кимдер тууралуу айтып жатканын ачыктаган эмес. Ал эми «Акипресс» басылмасы өлкө башчы «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров тууралуу сөз кылган деп божомолдогон.

«Акыркы айда президент Жапаров коңшу мамлекеттерге жер берилип кеткен эки учурду айтты — 1956-жылы жана 2009-жылдын 3-мартында. Биринчи учурдагылардын баары каза болушкан, экинчи учурга болсо Төрт-Көчө тилкесиндеги 275 метр жер тажиктерге таандык болгонун тастыктаган протоколго кол койгон талапкер Адахан Мадумаровдун тиешеси бар. Президент сөз кылып жаткан талапкер үчүн бул шайлоо эң маанилүү болуп калышы мүмкүн, анткени ал аз добуш алып Жогорку Кеңешке өтпөй калса камалышы мүмкүн...» — деп жазган басылма.

«Бүтүн Кыргызстандын» өкүлү аталган макалада президенттин сөздөрү өз алдынча чечмеленип, бул «талапкердин жана саясий партиянын репутациясына зыян алып келиши мүмкүн» деп билдирди. Анткени «Акипресстен» башка эч кайсы журналист «Жапаров Мадумаров тууралуу сөз кылганын жазган эмес» дейт Бакиров.

Мындан улам Артур Бакиров аталган басылмага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүндү.

275 метр тилке жана күчкө ээ эмес протокол

Төрт-Көчө тилкеси. Сүрөт: «Клооп»

2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолу оңдолуп, ал жерде көпүрө куруу үчүн кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакта 275 метр узундуктагы жерди Тажикстандан 49 жылга ижарага алуу чечими макулдашылган. Бул протоколго ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бирок Жогорку Кеңеш бул протоколду ратификациялоодон баш тарткан.

Адахан Мадумаров өзү 2019-жылдын 18-сентябрында «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында протоколго койгонун чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүнүн жападан-жалгыз жолу болгон деп негиздеген.

«Бүгүнкү күндө ошол жол болгон үчүн Сүлүктүдөн чыккан машине токтоосуз Кыргызстанга, Бишкекке келип жатат. Протоколду Жогорку Кеңеш колдогон эмес. Эч кандай күчкө ээ эмес», — деген Мадумаров.

Ал эми 2019-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул протоколго байланыштуу сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка маалымат бериле элек.

Бул маселени үстүбүздөгү жылдын октябрь айында президент Садыр Жапаров ЖМКларга курган расмий маалымат жыйынында да көтөргөн. Анда ал Мадумаров кол койгон протоколдон улам тажик тарап 275 метр такталбаган жерди талашып жатканын билдирген. Ошол эле учурда Жапаров протокол юридикалык күчкө ээ эмес экенин эске салган.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жаңы Конституцияга ылайык, шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Партиянын талапкерлери «ачык тизме» менен шайланат.