Ош — Бишкек жолундагы жол кырсыгынан каза тапкандардын саны тогузга жетти

Сүрөт: ӨКМ

16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында орун алган жол кырсыгынан каза болгондордун саны тогузга жетти. 22-ноябрда жандандыруу бөлүмүндө жаткан 25 жаштагы бейтап көз жумду.

Маркум Кара-Суу районунун тургуну болчу, ал өтө оор абалда болгон. Ош облустук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Азиз Жунусов «Турмушка» билдиргендей, учурда ооруканада алты адам дарыланууда — бешөөнүн абалы туруктуу, бир бейтапты дарыгерлер операцияга даярдап жатат.

Бир апта мурда орун алган жол кырсыкта «Мерседес-Бенц Спринтер», «Дэу Нексия» жана оор жүк ташуучу «КамАЗ» үлгүсүндөгү үч унаа кагыша кеткен. Анда кырсыктан жеринде жети адам мерт кеткен.

Ал эми жалпы 15 киши ооруканага түшүп, алардын ичинен үч жаш бала жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми каза тапкандардын үчөө — аял, төртөө — эркек киши, бирөө — 15 жаштагы өспүрүм кыз болгон.

Ош облусунда 2021-жылдын 10 айында облуста 660 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 102 киши каза таап, 1 157 киши ар түрдүү жаракаттарды алган.

Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Редактору: Айбике Адилет кызы

ТЕМА БОЮНЧА: 

Бишкек — Ош унаа жолундагы авариядан каза тапкандардын саны 8 адамга жетти