Бишкек — Ош унаа жолундагы авариядан каза тапкандардын саны 8 адамга жетти

16-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында орун алган жол кырсыгынан каза болгондордун саны сегиз адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» билдирди.

«Ош облустук ооруканага жалпы 15 адам түшкөн. Жети адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алардын арасынан 15 жаштагы кыз бүгүн каза болду», — деди Жылдыз Айгерчинова.

Авариядан жабыркагандардын арасында үч жаш бала бар. Айгерчинова алар оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которулганын кошумчалады.

Кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 661-чакырымында катталган. Анда «Мерседес-Бенц Спринтер», «Дэу Нексия» жана оор жүк ташуучу «КамАЗ» үлгүсүндөгү үч унаа кагышкан.

ӨКМнин басма сөз кызматы, кырсыктын кесепетинен жеринде жети адам каза болгонун кабарлаган. Алардын үчөө — аял, төртөө — эркек киши.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын тогуз айында 5 437 жол кырсыгы катталып, анда 587 киши каза тапкан. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандардын саны 15,3%га көбөйгөн.