Ош облусунда он айдын ичинде жол кырсыгынан 102 киши каза тапты

16-ноябрда Кара-Суу районунун аймагында катталган сегиз кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы. Сүрөт: ӨКМ

Ош ОИИБи 21-ноябрда жол кырсыктарынан каза тапкандарды эскерүү күнүндө облуста 10 айдын ичинде 660 унаа кырсыгы катталганын билдирди. Анын кесепетинен 102 киши каза таап, 1 157 киши ар түрдүү жаракаттарды алган.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен аталган күнү Кара-Суу районунун Учкун айылында эскерүү иш-чарасын өткөрүшкөн.

Ага Бишкек — Ош республикалык маанидеги автожолунун боюнда жайгашкан айылдардын жашоочулары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаш инспекторлор жана казыяттын өкүлдөрү катышты. Анда ЖКККБнын кызматкерлери жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бир апта мурда Бишкек — Ош унаа жолунун Кара-Суу районунундагы аймагында катталган жол кырсыгынан сегиз адам каза тапкан. Анда «Мерседес-Бенц Спринтер», «Дэу Нексия» жана оор жүк ташуучу «КамАЗ» үлгүсүндөгү үч унаа кагышып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жалпы 15 киши ооруканага түшкөн, алардын ичинен үч жаш бала жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми каза тапкандардын үчөө — аял, төртөө — эркек киши, бирөө — 15 жаштагы өспүрүм кыз болгон.

Ушул эле күнү жарандык коом Бишкек шаарында жол кырсыктарынын курмандыктарына арналган жөө жүрүш өткөрдү. Анын катышуучулары «Жол - бул жашоону улантуу үчүн», «Биз биргеликте чара көрө алабыз», «Биз эскерип жүрүү үчүн башка курмандыктар болушун каалабайбыз, биз бирге жашагыбыз келет» деген плакаттарды көтөрүп Улуттук филармониядан өкмөт үйүнүн алдына чейин басып барышты.

Жөө жүрүштөгүлөр унаа кырсыктарынан каза тапкандарды жана оор жаракат алгандарды эскерүүгө, өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын маанилүү ишин таанууга жана кырсыктардын алдын алууга чакырышты.

Адам өмүрлөрүн алган жол кырсыктар

Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.

Жыл башынан бери бир нече кишинин өмүрүн алган ири жол кырсыктары көп каттала баштаган. Унаа жолдо каза тапкандардын арасында ымыркайлардан тарта карыяларга чейин бар.

Редакторлор: Айбике Адилет кызы, Элвира Султанмурат кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

ИИМ тогуз ай ичинде жол кырсыгынан 600гө жакын адам көз жумганын айтты