Бишкек — Ош жолунда фура оодарылып, жол кыймылына тоскоолдук жаралды

Жалал-Абад облусундагы Бишкек — Ош унаа жолунда чиркегич сүйрөгөн фура оодарылып, жол тыгыны жаралды. Бул тууралуу 24-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Куткаруучулардын маалыматы боюнча, тыгында 500дөн ашык унаа турган. Кырсык болгон жерде ӨКМдин кызматкерлери иштеп жатат. Учурда жолдун бир жак тарабы ачылып, унаалар өтүп жатат. Жабыркагандар жок.