«Жасалма диплом» иши. БШК Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти

Боршайком 24-ноябрдагы отурумунда «жасалма диплом» ишине байланыштуу «Социал демократтар» партиясынын талапкери Рыскелди Момбековдун каттоосун жокко чыгарды.

БШК жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин жообун угушу керек болчу. Министрликтин өкүлдөрү «бошобой жатканына» байланыштуу жыйынга келген эмес.

Анткен менен БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мадина Кутбердиева билим берүү министрлиги ИИМге «Улуттук университеттин юридикалык факультетин 2003-жылы аяктагандардын архивинде Рыскелди Момбеков бүтүрүүчү катары көрсөтүлгөн эмес» деп жооп бергенин айтты.

Отурумга катышкан «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү бул маселе 18-19-ноябрларда каралганын эске салып, Момбековдун диплому октябрь окуяларында «уурдалганын» кайталады. Ошондой эле, өкүл Момбековдун диплому жасалма болгонун бир гана сот чечет деген жүйөө келтирди.

Ал эми БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов буга чейин талапкерге Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен алган дипломдун дубликатын алып келүү сунушталганын билдирди. Бекматовдун айтымында, партия өкүлү бул маселени башка нукка буруп кеткенин белгиледи.

«Билим берүү жана илим министрлиги мындай номердеги, ушул сериядагы номер Момбековго берилген эмес деп жооп берди. Бул билдирүү Боршайкомго чечим кабыл алууга негиз боло алат», — деди Нуржан Шайлдабекова.

Шайлоо мыйзамынын 59-беренесинде парламенттин депутаты «жогорку кесиптик билими бар» болушу керектиги көрсөтүлгөн. Мындай өзгөртүүлөр үстүбуздөгү жылдын август айында кабыл алынган.

Момбековдун дипломдору

Момбековдун биографиясына ылайык, ал 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Анткен менен окуу жайдан Момбеков аларда билим албаганын, ал эми 2003-жылы №196 каттоо номери менен диплом окууну Бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктаган Михаил Стародубов аттуу бүтүрүүчүгө берилгенин маалымдашкан.

Ал эми 2011-жылы Момбеков ушул диплом менен Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияга тапшырып, 2014-жылы экинчи жогорку билимге ээ болгон. УКМК талапкер биринчи диплому жок экинчисин ала алмак эмес деп эсептейт.

Учурда бул факты боюнча «Документтердин жасалмасы» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Тергөө 2020-жылдын 5-мартында башталган. Тергөөнүн жүрүшүнө Бакыт Шаршенбиев аттуу жарандын Башкы прокуратурага берген арызы негиз болгон.

Момбековдун айтымында, анын 2003-жылкы диплому жана дипломатиялык паспорту өткөн жылдагы октябрь окуяларында «сейфинен уурдалган». Депутат бул боюнча ИИМге арыз менен кайрылганын да белгилеген.

БШК 19-ноябрдагы отурумунда талапкердин «жасалма диплому» боюнча акыркы чечимди соттун өкүмүнөн кийин кабыл алынаарын чечкен. Бирок Момбеков тергөөнүн жыйынтыгы чыга электе «Социал-демократтардын» тизмесинен чыгарылды.