«Карта чыры». Башкы прокуратуранын бир кызматкери иштен алынып, дагы экөөнө сөгүш берилди

Кыргызстандын картасы туура эмес түшүрүлгөн баннер боюнча кызматтык иликтөө аяктады. Жыйынтыгында ведомствонун үч кызматкерине чара көрүлдү. Бул тууралуу 25-ноябрда «Клоопко» Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Чолпон Абдимомунова билдирди.

Жыйынтыгында Маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Белек Калыков ээлеген кызматынан бошотулду, ал эми Уюштуруу иштерин камсыздоо башкармалыгынын башчысы Каныбек Узакбаевге жана Эл аралык-укуктук кызматташуу башкармалыгы башчысы Асылбек Акматовго сөгүш жарыяланды.

Эмне болгон баннер?

2021-жылдын 20-ноябрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында прокуратура кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөн. Анда президент Ворух анклавы Тажикстанга бириктирилген карта түшүрүлгөн баннердин фонунда кызматкерлерди куттуктаган.

Баннер соцтүйүн колдонуучуларынын арасында нааразычылык жаратып, көп өтпөй мамрезиденцияда тартылган сүрөттөр өлкө башчысынын сайтынан өчүрүлгөн.

Ал эми көзөмөл органы баннерди жеке компанияга буйрутма аркылуу жасатканын белгилеп, «мындай калпыстык үчүн уюштуруу иштерине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт» деп жарыялаган.

Бул биринчи «ката» карта эмес

Мамрезиденциядагы окуядан кийин социалдык тармактарда Ворух анклавы Кыргызстандан бөлүнүп калган дагы бир карта тараган. Twitter колдонуучусу жалпы билим берүүчү мектептердеги 3-класстын окуучулары үчүн «Мекен таану» окуу китебиндеги сүрөттү жарыялаган.

Китеп 2021-жылы басылып чыккан. Бул боюнча билим берүү министрлиги мындай ката китептин негизинде жасалган жумушчу дептерде экенин айткан. Андан тышкары, 2020-жылы өлкөдө окуу-усулдук материалдардын сапатын жогорулатуу үчүн «Окуу китеби» республикалык илимий-практикалык борбору түзүлгөнүн айтып, эми алар жаңы окуу китептеринин мазмунун карап, ката кетсе түздөн-түз жоопкерчилик тарта турганын белгилеген.

Ворух — Кыргызстандын Баткен облусунун аймагында жайгашкан Тажикстандын айылы. Ал жерде 130 чарчы километрде 35 миңге жакын калк жашайт. Анклавдын тургундары менен чектеш жерлерде жашаган кыргыз жарандардын ортосунда такталбаган жер тилкелери, жайыт жана суу маселесинен улам жаңжалдар болуп турат.