Казакстандык акын, диссидент Арон Атабек көз жумду

Арон Атабек Шанырак айылындагы кагылыштан кийин 18 жылга абакка кесилген. Алматы октябрь 2007-жыл.

Казакстандык акын Арон Атабек Алматы ооруканасында көз жумду — адам укуктары үчүн күрөшкөн диссиденттин жүрөгү токтоп калган. Ал 20-октябрдан бери ооруканада жаткан.

Өмүрүнүн соңку 15 жылын Атабек түрмөдө өткөрүп, адам укуктары үчүн күрөшкөн күчтүү, дени сак жана күжүрмөн активисттен кыйноого кабылып азап чеккен адамга айланган.

Ал абактан 1-октябрда салмагы 50 килограмга жетип, ден соолугу начарлап кеткендиктен бошотулган.

Дарыгерлер Атабекке моюн омурткалары жабыркаган деген диагноз коюшкан. Акындын кызынын айтымында, ал өз алдынча кыймылдай албай, ал тургай төшөктөн дагы тура албай калган.

Арон Атабек бошотулгандан кийин. Сүрөт: Manas Kaiyrtaiuly / RFE/RL

Ал 20-октябрда ооруканага жаткырылган. «Азаттыктын» маалыматында, ага коронавиртук пневмония диагнозу коюлган. Казак бийлиги үчүн ыңгайсыз диссидент комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган.

Арон Атабек өзүн казактын самурайы деп атаган.

«Япон самурайларынын мындай сөзү бар: самурайдын милдети — аягына чейин акыйкат күрөшүү. Мен казак самурайымын, менин милдетим — аягына чейин күрөшүү. Ден-соолугумду жакшыртып, мындан ары дагы оппозициялык саясатты жүргүзөм, элди улуу алаш революциясына даярдайм», — деген ал абактан бошотулгандан кийин.

Акын жана диссидент Арон Атабек Бакай айылынын тургундарынын үйүн бузууга каршы акциясында бутунан жаракат алгандан кийин. Алматы, 13 - май 2006 -жыл.

Активист көп жылдан бери шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу азыр жазуудан баш тартып, аны «айыпты мойнума» алганга барабар деп келген. Ал полиция кызматкерин өлтүрүүгө айыпталган, бирок дайыма актыгын айтып жүргөн.

«Учурда оппозициядагылар миллион кол топтоп, аталган иш боюнча камалгандар үчүн Назарбаевден ырайым сурайбыз деп билдирип жатышат. Сурай беришсин. Бирок мен үчүн сурабай эле коюшсун. Менин талабым — толук реабилитация, укуктарым калыбына келтирилиши керек. Мен ырайымга макул болбойм, суранбаймын дагы. Анткени мен бул кылмышты кылган эмесмин», — деп белгилеген акын.