Кыргызстан Демократия үчүн саммитине чакырылган өлкөлөрдүн тизмесине кирген жок

АКШ 2021-жылдын декабрында Демократия үчүн эл аралык саммиттин өткөрөт. Ага 100дөн ашык мамлекет чакырылды.

Бирок, АКШнын мамдепартаменти жарыялаган тизмеден Кыргызстан чакырылган мамлекеттердин тизмесине кирбегени белгилүү болду. Чакырылган өлкөлөрдүн тизмесине Орусия, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан дагы кирген эмес.

АКШнын мамдепартаментинин маалыматында, Саммит демократиялар туш болуп аткан маселелерге арналып, анда өлкө лидерлерине демократияны жана адам укуктарын коргоо боюнча милдеттенмелерди, реформаларды жана башка демилгелерди жарыялоо үчүн аянтча берилет.

«АКШ үчүн Саммит глобалдык демократиялык жаңылануулар үчүн колдоосу жана умтулуусу чечүүчү ролду ойногон субъектилердин кең чөйрөсү менен сүйлөшүп, алардын оюн билүү жана угууга мүмкүнчүлүк түзүп берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, иш-чарада өлкө лидерлерине «Саммиттин максаттарына жетүүгө өбөлгө боло турган» ички реформалар менен эл аралык демилгелерге карата өз милдеттенмелерин жарыялоо сунушталат. Бул милдеттенмелер авторитаризмге каршы аракеттерди, коррупция каршы күрөшүү менен адам укуктарын коргоого багытталган локалдык жана эл аралык демилгелерди камтыйт.