«Клооп» YouTube’дан өчүрүлгөн видеону калыбына келтирүүнү жана каналга коюлган чектөөнү алууну талап кылат

27-ноябрга караган түнү YouTube «мазактоо, коркутуу же опузалоо» бар деген негизде «Клооптун» «Новости Кыргызстана Kloop.kg» деп аталган каналындагы видеону өчүрүп салды.

Аталган видеодо Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого көзөмөл жүргүзүүчү «Клооптун» байкоочулары үчүн кыргыз тилиндеги тартылган нускама болчу. Биз видеодо эч кандай мазактоо, коркутуу жана опуза болгон эмес деп ишенимдүү айта алабыз.

Биз дароо эле апелляция бергенбиз, бирок таң калычтуусу, ал дароо четке кагылды.

Видеонун өчүрүлүшү жана каналга контент жүктөөгө бир жумалык чектөө коюлганы өлкөдө өтө турчу парламенттик шайлоого бир күн калганда болуп отурат.

«Клооп» — Кыргызстандагы эң популярдуу көз карандысыз ЖМКлардын бири. Анын менен бирге басылма коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы иликтөөлөрү менен белгилүү. 2020-жылдан тартып «Клооп» Кыргызстандагы добуш берүү процессине байкоо жүргүзгөн эң негизги уюмдардын бирине айланды. Ал эми өчүрүлгөн видео биздин мониторинг жүргүзүү миссиябыздын бир бөлүгү болчу.

Видео жалпыга жеткиликтүү эмес болчу: нускамага биздин байкоочулар гана шилтеме аркылуу кире ала алчу. Бул видео чыныгы массалык даттанууларды топтошу мүмкүн эмес эле, андыктан «Клоопко» эбегейсиз даттануу жөнөтүүнү кимдир бирөө атайылап уюштурду деп шектенип жатабыз. Бул, албетте, алдыдагы шайлоодо тыкыр байкоо жүргүзүүгө тоскоол болууну каалагандардын колунан келди.

Видеону көрүп чыгып, анда өчүрүүгө эч кандай негиз жок экенин өз көзүңүз менен көрүңүз:

YouTube’дун мындай кадамы биздин сөз эркиндиги жана таза шайлоо үчүн күрөшүбүзгө тоскоол болот. Буга чейин бийликтин басымына дагы кабылганбыз. Борбордук шайлоо коммисиясы жасалма бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратуу менен, биздин уюмдардын бирин шайлоого байкоо жүргүзүүгө каттабай койгон. Ал эми биздин байкоочулардын көпчүлүгү шайлоо күнү «Клооп» менен кызматташкандар жумуштан бошотулат деген коркутууларга кабылышты.

Биз кыргыз бийлигинин мындай кадамына таң калган жокпуз: «Клооп» шайлоого байкоо жүргүзө баштагандан тартып, байкоочулар миңдеген мыйзам бузууларды каттап, юристтер жүздөгөн расмий даттанууларды жөнөткөн. Биз шайлоону бийликтин мыйзамсыз таасиринен коргогон өлкөдөгү эң негизги күчтөрдүн болгонго жетиштик.

Бирок бизди таң калтырганы, же YouTube байкоочуларга басым жасоодо Кыргызстандын бийлиги менен кызматташат же сайттын алгоритми абдан алсыз. Биздин байкашыбызча, каалаган видеого атайылап даттануулардын чабуулун уюштурса, YouTube мазмунун текшербей туруп өчүрүп коёт.

Биз бул жөнөкөй гана калпыстык деп үмүт кылабыз жана бул кайрылуу YouTube’ду жана анын негизги өзөгү болгон Alphabet компаниясына жетет деп үмүт кылабыз. Өчүрүлгөн видео калыбына келтирилип, каналга контент жүктөөгө коюлган чектөөнү алып салууну талап кылабыз. (28-ноябрдагы парламенттик шайлоого чейин болушун каалайбыз).

Биз YouTube’ду арыздануу саясатын жана өчүрүп салууга таасир этүүчү даттанул ардын механизмин кайрадан карап чыгууга чакырабыз. Биз туш болгон жагдайга эч ким, эч качан чалдыкпасын.