«Клооптун» байкоочусу: Ошто көчмө добуш берүүдө «Ишенимге» үгүт жүргүзүлдү

«Клооптун» байкоочулары 27-ноябрда Ош шаарындагы көчмө добуш берүү учурунда №5551 шайлоо участкасында мыйзам бузууга күбө болушту. Анда участкадан сырткары добуш берүү учурунда белгисиз киши «Ишеним» партиясынын пайдасына үгүт жүргүзгөн.

Байкоочулардын маалыматына караганда, ал өзүн үйүндө добуш берген майыптыгы бар шайлоочунун небересимин деп тааныштырган.

Ал майыптыгы бар аялды «Ишеним» партиясына добуш берүүгө үндөгөн. «Клооптун» байкоочулары бул киши ким деп сураганда, аял менин неберем эмес, кошунам деп жооп берген.

«Клооптун» байкоочулары эскертүү бергенден кийин УШК мүчөлөрү үгүт жүргүзгөн кишиден үйдөн чыгып кетүүсүн өтүнүп, шайлоо күнү үгүткө жол берилбесин түшүндүрүшкөн.

Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо көчмө добуш берүү. Сүрөт: Клооптун байкоочулары

Буга чейин «Ишеним» партиясы коңшулаш Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз үгүт жүргүзгөнү байкалган.

«Ишеним» партиясынын тизмесинде 23-номер менен депутатыкка аттанган талапкер Шерзодбек Умарбековго бир катар даттануулар келип түшкөн.

Умарбеков «административдик ресурс» колдонууга аралашкан. Ал «Ишеним» партиясынын логотиби бар футболка жана күрмөлөрдү кийген жергиликтүү чиновниктер менен сүрөткө түшкөн. Шайлоо мыйзамына ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге үгүт иштерине аралашууга тыюу салынган.

Мындан сырткары, шайлоо өнөктүгүндө Умарбековдун үстүнөн «бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Умарбеков бир нече аткаминерге телефон чалып коркуткан — Сузак айылдык кеңешинин төрагасы Камаридин Абдукадировго жана Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров.

Сыдыкназаров менен сүйлөшүү учурунда Умарбеков президент Садыр Жапаровдун атын атап, өзү жана башкалар «ажонун көзөмөлүндө» экенин айткан.

«Ишеним» партиясы менен президент Садыр Жапаровдун байланышы тууралуу башка саясатчылар дагы көп жолу айтышкан. Партияны Баткен облусунун мурдагы губернатору жана Жапаровдун үзөнгүлөшү Арзыбек Бурканов менен дагы байланыштырып келишет.

Бурканов маектеринин биринде Жапаровду «жакын досум» деп атаган.

2021-жылдын апрель айынын башында депутат Жанар Акаев өлкөдө Буркановдун таасири чоң экенин айткан.

«Жапаровдун эң таасирдүү үзөнгүлөштөрүнүн дагы бир тобуна Бурканов менен Гаипкулов кирет. Резюме көтөргөндөрдүн баары ошолорго чуркашат. Азыр, Өкмөт үйүнө барсаңар премьер-министрге караганда Буркановдун кабылдамасында киши көп болот. Шайлоого бара турган чиновниктер резюме жана папкалары менен кайда чогулганына карап Кыргызстанда бардык маселелерди ким чечип жатканын түшүнүүгө болот», — деген ал.

Ал эми «Ишенимдин» өкүлү Медер Алиев Коомдук биринчи каналдагы талапкерлердин дебатында «Ишеним» партиясынын бийликчил экенин четке каккан.

«Урматтуу президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич өзүнүн интервьюсунда бул боюнча так түшүндүрмө берип, эч бир партияны колдобой турганын айткан. Эгер кайсы бир партия өзүн бийликчил деп атап жатса да, ал маанилүү эмес. Алар басып өткөн жол, алардын тазалыгы, Кыргызстандын калкына канчалык чынчыл иштеп берет? Маанилүүсү мына ушул нерселер», — деген ал.