Төлөйкөн шайлоо округунан депутат Нурбек Алимбеков алдыда

Нурбек Алимбеков

Боршайкомдун алдын ала жыйынтыгы боюнча №8 Төлөйкөн шайлоо округунда депутат Нурбек Алимбеков 18 882 добуш алды — бул жалпы шайлоочулардын дээрлик 41%ын түзөт.

Жалпысынан бул округдан төрт талапкер ат салышкан. Экинчи орунду депутат Шайлообек Атазов ээледи — 36,81%. Ал эми Айбек Орозбаев — 5,91, Виталий Жуков — 3,85%ды алышты.

Автоматташтырылган эсептөөчү урналардагы бюллетендердин 100%ы саналып бүттү.

Нурбек Алимбеков

Алимбеков «Кыргызстан» партиясынын депутаты. Ал Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүндө туулган. Саясатчы алгач Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп, 2010-жылы «Республика» партиясы менен Жогорку Кеңешке өткөн.

Ал эми 2015-жылы Алимбеков «Кыргызстан» партиясынан шайланып, парламенттин вице-спикери болгон. Бирок ал 2016-жылы Тайванга барганы үчүн кызматынан кеткен. Ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбеков Алимбековдун Тайванга барганы «Кытай менен болгон достук келишимге каршы келет» деп билдирген.

Мындан сырткары, саясатчынын жубайына катталган ири бизнестери декларацияга кирбей калган. Анын ичинде үч курулуш компаниясы дагы бар. Алардын бири «Папан курулуш» ишканасын саясатка келгенге чейин Нурбек Алимбеков өзү башкарып келген.

Учурда анын бир тууганы Нурзаман Алимбеков Папан айыл өкмөтүнү жетектеп келет. Айыл өкмөт №8 Төлөйкөн шайлоо округунун аймагына кирет.