Бишкекте ЖЭБ-2нин айланасындагы жерлер мыйзамдаштырылды

Бишкектеги ЖЭБ-2. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 2-декабрда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров ЖЭБ-2нин айланасындагы 47,7 гектар жерди мыйзамдаштыруу тууралуу чечимге кол койгонун кабарлады.

Минкабдын чечимине ылайык, Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» «Калктуу конуштардын жерлери » категориясына которулду (трансформацияланды).

Финансы министрлигине аталган жерлер үчүн шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5 млн сом бөлүү тапшырмасы берилди.

Минкаб ЖЭБ-2нин айланасындагы жерлерди президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мыйзамдаштырды. Президент бул тапшырманы 15-ноябрда конуштун тургундары менен жолуккандан кийин берген.

«Бул мурунку бийликтин жылдар бою чечилбей келе жаткан каталары. Аларды акырындык менен чечебиз. Мындай көйгөйлөр жер маселеси боюнча эле эмес, бардык тармактарда бар», — деп белгилеген ошондо Жапаров.

Анткен менен Жапаров мындан ары «жер басып алуу деген түшүнүк болбойт» деп кошумчалаган.

ЖЭБ-2 конушунун жашоочуларынын митинги

2021-жылдын март айында ошол кездеги премьер министр Улукбек Марипов «Бишкек башкы архитектура» ишканасынын көчмө жыйынында Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлө көчүрүлөт деп билдирген.

Мындан улам 25-мартта Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочулары жер тилкелерин трансформация кылып берүү талабы менен өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан. Акцияга 80ге чукул адам чогулган.

Митингге чыккан тургундар менен 26-мартта Артём Новиков жолугуп, азыркы учурда «жарандардын турак үйлөрүн сүрдүрүү же көчүрүү тууралуу эч кандай чечим кабыл алынбайт» деп билдирген болчу.

ЖЭБ-2ни реабилитациялоо

ЖЭБ-2 өзү Сокулук районунда жайгашкан, анын курулушу 1986-жылы башталып, 100 гектарга жакын аймакты ээлейт деп пландалган. Бирок СССР кулагандан кийин жылуулук электр борборунун курулуш иштери токтоп калган. Бара-бара объектинин 47 гектарга жакын аймагына жеке турак үйлөр курулган.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин 2021-жылдын 13-августунда жылуулук электр борборунун абалы менен таанышып чыккан. Анда Жапаров ЖЭБ-2нин имараты жана жабдууларын көрүп чыгып, анын айланасындагы калктуу конуштун тургундары менен баарлашкан. Ал жергиликтүү жашоочуларга ЖЭБ-2нин курулушун бүтүрүүнү жана калктын көйгөйүн чечүүнү убадалаган.