Ак-Ордонун тургундары ЖЭБ-2 ишке кирсе 400дөй үй-бүлөнү башка жакка көчүрүүгө каршы

Өкмөт үйүнүн алдында өткөн митинг. Сүрөт: Айдай Токоева / Kloop.kg

Өкмөт үйүнүн алдында 25-мартта Ак-Ордо жаңы конушунун жашоочулары жер тилкелерин трансформация кылып берүү талабы менен митингге чыгышты. Акцияга 80ге чукул адам чогулду.

Өткөн жумада премьер-министр Улукбек Марипов Ак-Ордодо жашаган ЖЭБ-2 ишке бериле турган болсо анын айланасындагы 40 гектар жерде жайгашкан 400дөй үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келет деп айткан болчу.

Митингчилер Мариповдун жасаган билдирүүсүнө нааразы болушууда. Алар конуштагы жерлер 16 жылдан бери мыйзамдаштырылбай келгенин билдирип, президент Садыр Жапаров аларды кабыл алышын суранышты.

Топтолгон эл менен жолугушууга өнөр жай, энергетика бөлүмүнүн башчысы Сүйүнтбек Аликеев чыгып, алардын турак жайлары эч жакка көчүрүлбөй турганын айтты.

«Биз ЖЭБ башчысын жолугушууга чакырдык. Бул жерге келгениңиздерге рахмат. Жер маселеси боюнча сот болгон. Эмне кылуу керектигин чечебиз. Жер трансформациясы кыска убакытта бүтүп калбайт, 400 үй эч жакка көчүрүлбөйт», — деп ишендирди ал.

Чогулгандар буга чейин өкмөт өкүлдөрү менен жолукканда эч кандай жыйынтык болбогун белгилеп, өкмөттөгүлөр менен сүйлөшүүдөн баш тартышты. Ошондой эле эгерде алардын талаптары аткарылбаса Өкмөт үйүнүн алдында боз үй тигип, митингди улантарын белгилешти.

Өкмөт үйүнүн алдында өткөн митинг. Сүрөт: Айдай Токоева / Kloop.kg

ЖЭБ-2ни ишке киргизүү

2019-жылы ошол кездеги примьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖЭБ-2ни ишке киргизүүнүн боюнча бир нече жолун даярдоону тапшырган. Бул ЖЭБ-2ни ишке киргизүү тууралуу өкмөттүн биринчи жолку билдирүүсү эмес.

ЖЭБ-2 өзү Сокулук районунда жайгашкан, анын курулушу 1986-жылы башталып, кийин токтоп калган.

Мындан тышкары, «Газпром Кыргызстан» ЖЭБ-2ни ишке киргизүүгө кызыкдар экенин билдирген. Ушул жылдын январь айында компаниянын директорунун оңдоо жана капиталдык курулуш иштери боюнча орун басары Мурат Сулайманов «Газпром Кыргызстан» компаниясы Бишкек ЖЭБин жана ЖЭБ-2ни газ менен камсыздоого техникалык жактан даяр экендигин белгилеген.