Салык кызматы менен транспорт министрлигинин аткаминерлери коррупцияга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин басма сөз кызматы 1-декабрда атайын кызмат тарабынан Мамлекеттик салык кызматынын жана Транспорт министрлигинин бир нече аткаминери кармалганын маалымдады.

УКМКнын маалыматы боюнча, салык кызматы менен транспорт министрлигинин кызматкерлери «Коррупция» беренеси менен кармалды. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнөн керектөөчү товарларды алып кирүүдө коррупциялык схеманы жолго коюшкан.

Сүрөт: УКМК

«Ак-Тилек» көзөмөл өткөрмө пункту аркылуу товарларды өткөрүү үчүн салык кызматынын ЕАЭБ менен иштөө боюнча эки инспектору, андан сырткары, транспорт министрлигинин кызматкери жана «Ак-Тилектин» оор салмактагы жүктөрүн көзөмөлдөө инспектору акча алып жаткан жеринен кармалды.

Тинтүү учурунда салык кызматынын инспекторунун биринин унаасынан 114 300 сом өлчөмүндө накталай акча каражаты табылган. Аны «Ак Тилек» салыктык эсепке алуу борборунун чиновниктери алып турушкан. Мамкомитеттен түшүндүрүшкөндөй, алар товарларды тоскоолдуксуз өткөрүп бергендиги үчүн акча алып турушкан, бул өз кезегинде өлкө казынасына зыян алып келген.

УКМК аталган иш боюнча тергөө уланып жатканын кошумчалады.