Саясатчы Бектур Асанов: Мени кече Ташиев досум коркутту

«Ата Мекен» партиясынын талапкери, саясатчы Бектур Асанов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аны телефон аркылуу коркутканын билдирди. Мындай маалыматты Асанов партиянын лидери Өмүрбек Текебаеге кол салуу боюнча 1-декбарда өткөн жыйында жасады.

Асановдун айтымында, алгач Ташиев ага «сени колдойлу» деп, бирок «сен жаман-жуман кишилерге кошулуп калыпсың» деген. Саясатчы көз карашын өзгөртпөшүн айтканда, атайын кызматтын башчысы коркута баштаганын айтат.

«Мени кече Ташиев досум коркутту. Равшан Сабировдун телефонунан чалып алып... “Мен, Камчыке, саясатчымын” дедим, “мен сени дос деп саясий көз карашымды өзгөртпөймүн” дедим. Анан ал одураңдап баштады, мен “коркутпа” деп айттым. Анан “энең, атаң” калбай ашата сөгүштүк. Менин оюмча Ташиев бул кызматка баргандан кийин биринчи жолу ушундай сөккү укса керек. Булар бир аферисттер, эки жүздүүлөр, Акаев, Бакиевдин түбүнө жеткен жүзү жок олигархтар, кошоматчылар — ошолорду сөгүп койсо корксо эле бүт кыргызды коркутуп аламын деп ойлойт окшойт. Коркута албайт, бизди бул чыйралтат!» — деди Асанов.

Ошондой эле Асанов буга чейин Ташиев жана Садыр Жапаров дагы камакта отурганын эскертип, алар саясий көз караштарын өзгөртүп «мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мактаган» деп билдирди.

«Түрмөдө дагы биз намысыбызды алдырган жокпуз. Аларга окшоп кылдыңдап, эки жака секирип бир кара, бир кызыл, бир дагы башка жагына кирип...», — деди ал.

Азырынча УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жана президент Садыр Жапаров Бектур Асановдун билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

2017-жылы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров «Бийликти күчкө салып тартып алуу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга кесилген.

Алар менен кошо соттолгон Эрнест Карыбеков 20 жылга эркинен ажыратылкан. Саясатчыларга айып тагууга соцтармактарда жарыяланган аудиожазуу негиз болгон. Ал эми 2019-жылдын февраль айында Асанов менен Кадыров мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган. Карыбековдун жаза мөөнөтү 11 жылга чейин кыскартылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өмүрбек Текебаевге кол салуу. «Тоноо» беренеси менен бир киши кармалды

Камчыбек Ташиев: Текебаевге кол салынган эмес, ал кимдир бирөөлөр менен урушуп кеткен