Камчыбек Ташиев: Текебаевге кол салынган эмес, ал кимдир бирөөлөр менен урушуп кеткен

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча комментарий берди. Анын айтымында, саясатчыга эч ким кол салган эмес, ал кимдир бирөөлөр менен урушуп кеткен.

«Ал жерде Текебаевге атайын келип кол салып, Текебаев кандайдыр бир каршылык көрсөткөн эмес. Ошону азыр Ички иштер министрлиги иликтеп отурат. Текебаевге кол көтөргөнү боюнча азыр бир адам кармалды. Бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылат», — деди Ташиев.

Өмүрбек Текебаевге кол салуу

«Ата Мекен» партиясынын лидери, талапкер Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасынын алдында кол салышкан. Саясатчынын айтымында, ага кол салган кишилер аны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

«Башка жакка алып барып сүйлөшөбүз дешти. Ал арада адамдар көбөйүп, айрымдары телефонго тарта баштады. Ошондо гана таанылып калбайлы деп ойлоштубу, менин жана ошол жакта чогулгандардын баарынын телефондорун чогултуп кетишти», — дейт ал.

Текебаев өзү окуяны «саясий террор» деп атады жана белгисиз кишилер «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деген пикирде.

Ал эми соцтармактарда Текебаевге кол салуу учурунда тартылган тасма жарыяланган. Анда мейманкананын алдында ондогон беткапчан киши саясатчыны ортого алып, түрткүлөп жатканын көрүүгө болот. Айрымдары беткапчандарга кайрылып «тийбегиле, урбагыла» деп айтканы угулат.

Өмүрбек Текебаев кол салууга туш болгондон кийин. Сүрөт: "Азаттык" үналгысы

Окуядан кийин Текебаевдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына чогулушуп, «Ата Мекендин» лидерине кол салган кишилерди табууну талап кылышкан.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Текебаевге кол салуу боюнча маалымат өлкө башчы Садыр Жапаровго жеткенин билдирген. Анын айтымында, Жапаров ИИМге бул окуяны «тыкыр иликтөөнү» тапшырган.

Бишкектин Биринчи май РИИБси «Тоноо» беренеси менен сотко чейинки өндүруштү баштап, шектүүлөрдүн бирин кармады. Милициянын маалыматына ылайык, шектүү Текебаевге таандык телефонду өз ыктыяры менен кайтарып берген.