«Клооп»: YouTube видеобузду калыбына келтирип, каналга чектөөнү алды, бирок биз түшүндүрмө күтөбүз

Өткөн аптада YouTube «Клооптун» каналындагы видеону өчүрүп, бир жумага контент жүктөөгө бөгөт койгон: өчүрүлгөн видеодо «мазактоо, коркутуу же опузалоо» бар деген себепти жүйөө кылган.

Биз буга өтө таң калган элек: өчүрүлгөн видео Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого көзөмөл жүргүзүүчү «Клооптун» байкоочулары үчүн нускама болчу. Ал шилтеме аркылуу гана жеткиликтүү эле, анда мазактоо, коркутуу жана опузага окшош эч нерсе жок болчу деп так айта алабыз.


Биз дароо эле апелляция бергенбиз, бирок таң калычтуусу, ал дароо четке кагылган. Ал эми сервистин катында алар видеону кайра баштан текшеришкенин жана ал чындап эле эреже бузганы айтылган.


Youtube’дун пикиринде дал ушул видеодо коркутуу жана мазактоо камтылган

Мунун баары 27-ноябрга караган түнү, парламенттик шайлоого бир күн калганда болгон. Анда «Клооп» негизги ЖМКлардын бири катары шайлоого байкоо жүргүзгөн эң ири миссиясы менен маанилүү ролду ойноп жаткан.

Натыйжада пландалгандай эле майнаптуу иш алып баруунун башка жолун таптык: бизде резервдик каналдарыбыз бар, ошол каналдар аркылуу шайлоодо мыйзам бузуулар тартылган ондогон видеолорду чыгара алдык. Ошондой эле, эгер бизге зарыл боло турган болсо, тарапташтарыбыз да биздин контентти өз каналдарына жайгаштырып берүүгө даярдыгын билдиришти.

Биз, YouTube убактылуу бөгөттөлгөн каналдардын авторлоруна башка каналдарды ачууга жана тыюу салуу учурунда жаңы материалдарды чыгарууга уруксат бербесин түшүнөбүз, бирок бизде убакыт жок болчу. 28-ноябрь шайлоонун эң маанилүү күнү болгондуктан аудиториябызды видео-контентсиз калтыра албайт элек, ошондуктан YouTube платформасынын эрежелерин билип турсак да бузууну эп көрдүк.

1-декабрь күнү эртең менен YouTube биздин өчүрүлгөн видеону калыбына келтиргенин жана каналды бөгөттөн чыгарганын көрдүк. Мындан сырткары, платформа өткөн аптада бизге берген эскертүүсүн да алып койгон экен.


Ооба, YouTube бул кадамы менен катасын мойнуна алганын түшүнүп турсак да, чечимин эмнеге өзгөрткөнү тууралуу жок дегенде формалдуу кат жазып койбогонуна ачууланып турабыз.


Биз туш болгон жагдай — бул нормалдуу нерсе эмес. Абалдан чыгуунун жолун тапканыбыз менен баары бир деле зыянга учурадык.

YouTube бизден кечирим сурап, эмне болгонун түшүндүргөн кат жөнөтүшү керек.

Ошондой эле биз YouTube’ду видеолорду өчүрүү саясатын өзгөртүүгө чакырабыз. Биз атайын пландалган даттануулардын чабуулуна кабылганыбызды, мында YouTube начар иштеген алгоритмдеринин процедураларына жетеленгенине көзүбүз жетип турат.

Өчүрүлгөн видео кыргыз тилинде болгонун да белгилеп коюу керек. Бизге кыргызча контентти модерация кылуунун үстүндө YouTube/Google/Alphabet’тин кайсы аймактык кеңсеси иш алып барары кызык болууда. Кандай болгон күндө да бул нерсени кылгандар кыргызчаны такыр билишпейт деп болжоп жатабыз, ошондуктан YouTube‘ду модераторлор командасын тийиштүү тилди билгендер менен толуктоого чакырабыз.

Биз, YouTube жеке корпорациянын бир бөлүгү болгондуктан өз сервистери менен эмнени кааласа ошону кыла аларын түшүнөбүз. YouTube, мисалы, көз карандысыз медиалардын контентине бөгөт коюуда каалаган өкмөт менен кызматташа алат, алардын мындайга укугу бар. Эгер чындап эле ошондой болсо, биз, көз карандысыз медиа жана укук коргоочулар алардын сервистерине курулай ишенип колдонуп жүрө бербеши үчүн YouTube’ду аталгандай тажрыйба колдоноорун ачык жана так айтып коюуга чакырабыз.