Араван: 12 жашар тууганын мыкаачылык менен өлтүргөн өспүрүм 12 жылга кесилди

Ош облусунун Араван райондук соту «ири өлчөмдөгү уурулугун жашыруу максатында» 12 жаштагы тууганын өлтүргөн 16 жашар өспүрүмдү 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы «Турмуш» басылмасына билдирди.

Маалыматка ылайык, сот өспүрүмдү «Ири өлчөмдөгү уурулук», «Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү» беренелери менен күнөөлүү деп тапты.

Ошондой эле сот айыпталуучуну маркумдун жакындарына моралдык-материалдык зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттендирип, 900 миң сом айыпка жыкты.

Окуя боюнча

Кылмыш үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда болгон. Анда Аравандын 50 жаштагы тургуну жээнинин сөөгүн аймактык ооруканага алып келген. Эксперттин катышуусу менен кароо жүргүзүлгөн учурда өспүрүм киши колдуу болуп өлгөнү аныкталган.

Ошол эле күнү маркумдун үйүнөн 900 миң сом акча жоголгондугу белгилүү болгон. Ал эми 27-июнда акчаны уурдоого жана өспүрүмдү өлтүрүүгө шектелип маркумдун 16 жаштагы тууганы кармалган.

Анда шектүү райондук соцөнүктүрүү башкармалыгынын кызматкеринин, жактоочусунун жана таятасынын катышуусунда суракка алынганда «кылмышты толугу менен мойнуна алган».

Ал «акчаны уурдап жатканда 12 жаштагы тууганы көрүп калгандыктан кылмышты жашыруу максатында аны мууздап салганын» айткан. Ал эми маркумга таандык болгон бак-дарактын арасынан 783 миң 500 сом акча табылган.

Аталган факт боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш ачылып, шектүү Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. ОИИБден эгер шектүү акчаны уурдаганы аныкталса ал факты боюнча да берене кошулаарын айтышкан.