Путин Жапаровду парламенттик шайлоону «ийгиликтүү өткөргөнү менен» куттуктады

Президент Садыр Жапаров 3-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Анда Путин Жапаровду парламенттик шайлоону «ийгиликтүү өткөргөнү менен» куттуктаганы айтылды.

4-декабрга карата Жапаровду шайлоону «ийгиликтүү» өткөргөнү үчүн куттуктаган жалгыз президент — Путин болду.

Владимир Путин жана Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Басма сөз кызматтар сүйлөшүү тууралуу эмне дейт?

Кремлдин басма сөз кызматынын билдирүүсү кыргыз президентинин администрациясынын билдирүүсүнөн кыскалыгы менен айырмаланат.

Анда «эки тараптын тең мындан аркы мамилени бекемдөө ниети тастыкталды» деп айтылат.

Ал эми Жапаровдун администрациясынын басма сөз кызматы Жапаров Орусиянын шайлоону өткөрүүгө берген жогорку баасы үчүн ыраазычылык билдиргенин жазды. Ошондой эле Жапаров парламенттик парламенттик шайлоо «Конституцияга жана эл аралык ченемдерге ылайык» өткөрүлгөнүн айткан.

«Өлкөдөгү туруктуулук жана жагымдуу коомдук-саясий кырдаал кыргыз-орус кызматташтыгынын мындан аркы көп пландуу ырааттуу өнүгүүсүнө бекем пайдубал катары кызмат кылат», — деди Жапаров.

Мындан сырткары, басма сөз кызмат, учурдан пайдаланып Владимир Путин «Садыр Жапаровду келе жаткан туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалаганын» кошумчалады.

Бирок Кремлдин сүйлөшүүлөр тууралуу билдирүүсүндө куттуктоо тууралуу бир дагы сөз айтылган эмес.

Кыргызстандагы шайлоо

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттин депутаттарын шайлоо өттү. Эл аралык байкоочулар, жалпысынан шайлоо ачык-айкын, шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизбеген бузуулар менен өттү деген тыянакка келишти.

Анткен менен добуш берүү аяктагандан кийин БШКнын сайтында мүчүлүштүк болуп, АСУдагы маалыматтардын 80% жүктөлгөндөн кийин добуштардын саны өзгөрүп кеткен.

Бул жарандардын БШКга ишенбөөчүлүгүн пайда кылган, ал эми оппозициялык партиялар алардын добуштары уурдалганын билдиришкен.

БШКнын алдындагы оппозициялык партиялардын митинги.

Кийин 2- декабрда БШК АСУ менен колсанактын жыйынтыгын салыштыруу үчүн көз карандысыз топ түзүү чечимин кабыл алган. Бул топко парламенттик шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрү кире алышат.

Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров «эгер шайлоодогу фальсификация болгону далилденсе отставкага кетүүгө даяр экенин» билдирген.