Жаңы кодекстер: ТИЗОдо отурганына бир жылдан ашкандарды бошотуу талабы айтылды

Кыргызстандын бир катар укук коргоочусу жаңы Жазык-процессуалдык кодекси (ЖПК) кабыл алынганына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Алардын айтымында, жаңы ЖПК боюнча сот чечими күчүнө кире элек болуп, ТИЗОдо отурганына бир жылдан ашкандар бошотулушу керек. Алар мындай чечим 2021-жылдын 2-декабрында күчүнө кирген жаңы ЖПКга ылайык кабыл алынышы керек деп эсептешет.

Укук коргоочулардын билдирүүсү

«Ошондуктан Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) жана бул органга караштуу абактардын (ТИЗО) администрациялары прокурорго кабар берүү менен камактагыларды бошотуусу керек», — деп белгилешет укук коргоочулар.

Алардын пикиринде, ЖАК жана сот органдары өз аракетсиздиги менен ЖПКнын процедураларын бузуп, «укуктун үстөмдүгү принциптерин одоно бузуп» жатышат.

«Жаңы кодекстер айрым адамдарга гана карата тандалма колдонулуп жатканы кабатыр кылууда. 2021-жылдын 2-декабрында, жаңы жазык мыйзамдарынын негизинде Алмамбет Салиевдин [президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары] гана баш коргоо чарасы өзгөртүлдү, ошол эле учурда тергөө амалдары жүрүп аткан башка адамдар камакта болуп, аларга карата жаңы кодекстер иштебей жатат», — деп айтылат укук коргоочулардын билдирүүсүндө.

Жаңы кодекстер

Жаңы Кылмыш, Кылмыш жана Жазык, Жазык-процессуалдык жана Жазык-аткаруу кодекстерин юристтер менен укук коргоочулар бир нече жолу сынга алышкан. Кодекстерди жаңылоонун демилгечиси 2021-жылдын апрелинде Башкы прокурор Курманкул Зулушев болгон.

Анда Зулушев кодекстердин кемчиликтери талкууланган бир нече жыйын өткөнүн, натыйжада кодекстерди толугу менен өзгөртүп, 2019-жылга чейин колдонулган кодекстерге кайтып келүү чечими чыгарылганын айткан.

Андан кийин өзгөртүүлөрдүн үстүндө иштеген эксперттик топтор түзүлүп, ал тургай калаадагы «Шератон» мейманканасында Тегерек стол өткөрүлүп, ал коомдук угуу деп аталган.

Бирок юристтер менен укук коргоочулар кодекстердин жаңы долбоорлорун бир нече жолу сынга алып, жаңы редакциялары жабык эшик артында жазылганын жана көп учурда коррупция, кысым, кыйноо жана башка мыйзам бузуулар үчүн көптөгөн жылчыгы бар 1997-жылдын кодекстерине окшош экенин белгилешкен.

Алар президент Садыр Жапаровго жана алтынчы чакырылыштын депутататтарына кодекстердин реформасын жылдырууну талап кылып кайрылышкан. Бирок бийлик жарандык коомдун сунуштарын эске албай, кодекстерди толук өзгөртүшкөн.

Дагы окуңуз:

Юристтер президентке мыйзамдарды «шаша-буша» инвентаризациялоо кооптуу экенин эскертишти