Юрист Токтогазиева Жазык кодекстеринин текстин жашыруун жазганы үчүн бийликти сынга алды

Конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева жаңы кабыл алынган Жазык, Жазык-процессуалдык жана Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстерди кабыл алуудагы купуялуулукту сынга алды.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына таянсак, Садыр Жапаров документке 28-октябрда эле кол койгон. Юристтер менен укук коргоочулар кодекстердин жаңы долбоорлорун бир нече жолу сынга алып, жаңы редакция жабык эшик артында жазылганын жана көп учурда коррупция, кысым, кыйноо жана башка мыйзам бузуулар үчүн көптөгөн жылчыгы бар 1997-жылдын кодекстерине окшош экенин белгилешкен.

Токтогазиеванын айтымында, жаңы кодекстер «жети мөөрдүн аркасындагы улуу сыр болду», ал эми бекитилген текстти башпрокурор Зулушевдин командасы менен президент Садыр Жапаровдон башка эч ким көргөн жок.

«Азыркы бийлик үчүн мыйзамдарды тепсеп өтүп, жабык эшик артында чечим кабыл алуу катардагы көрүнүш болуп калды. Бул режим өткөн жылдан октябрь айынан бери процессуалдык кепилдиктерди бузуп, мыйзам чыгаруунун негизги баскычтарын атайылап айланып өтүп мыйзамдарды таңгактап кабыл алып жатат. Ушундай деңгээлдеги укуктук башаламандык бизде буга чейин болгон эмес», — деп жыйынтыктады юрист.

Токтогазиеванын учурдагы бийликтин иш аракетин буга чейин дагы сындап келген. Үстүбүздөгү жылдын сентябрында Фейсбук барагына «укуктук башаламандыктын эпидемиясы каптаганын, азыркы бийлик мындай хаосту укуктук реформа деген атты жамынып» жасап жатканын айтып чыккан.

«Мыйзамдар чукул мөөнөттө кабыл алынып, мыйзамдардын ири инвентаризациясы шашылыш өтүүдө. Бул биздин ансыз да шайы ооган укуктук системага коркунучтуу кесепетин тийгизет», — деп жазган Токтогазиева Фейсбук барагына.

Юрист үстүбүздөгү жылдын апрель айында өткөн Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдан кийин укук тармагындагы «хаостон» буйтап өтүү мүмкүн эмес экенин кошумчалаган.

2020-жылдын октябрында Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин Садыр Жапаров Конституцияга өзгөртүү киргизүү жана ведомстволорду кыскартуу, бириктирүү аркылуу министрлер кабинетин реформалоо боюнча бир катар сунуштарды демилгелеген.

Бул идеяларды, анын ичинде Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумду юристтер узак убакыт боюу сынга алган.

Дагы окуңуз:

Юристтер президентке мыйзамдарды «шаша-буша» инвентаризациялоо кооптуу экенин эскертишти