«Жарандык союз». «Коопсуз шаар» боюнча каттарды соода-сатык кылган фирма жеткирип жатат

«Жарандык союз» коомдук бирикмеси 7-декабрда «Коопсуз шаар» долбоору жана жеке маалыматтарды коргоо боюнча анализи менен тааныштырды. Анда мыйзам бузуулар тууралуу токтомдорду даректерине жеткирүүгө жоопту компания «күмөн жаратат» деп айтылат.

Бирикменин өкүлү Анна Зубенко түшүндүргөндөй, буга чейин каттарды жеткирүү ишин «Кыргыз почтасы» мамкомпаниясы аткарчу. Бирок 2021-жылдын апрелинен тартып, бул ишти «Аманат Транс ЛТД» жеке компаниясы аткара баштаган.

«Компаниянын кадыр баркы күмөнгө коюлуп жатат. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыты — эл керектөөчү товарларды дүң сатуу боюнча агенттиктердин иши көрсөтүлгөн», — деди Зубенко.

Анын айтымында, компания 2020-жылдын 10-декабрында, башкача айтканда, «2021-жылдын 13-январында жарыяланган тендерге бир ай калганда» катталган.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Амант Транс ЛТД» Ош шаарында каттоодон өткөн. Компаниянын жетекчиси Айпери Абдыкадырова. Мындан сырткары, Абдыкадырова «Гарвард» билим жана тарбия берүү комплексине да ээлик кылат.