Акыркы суткада коронавирустан каза болгондор жок

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 8-декабрга карата коронавирустан каза болгондор катталган жок. Жуктуруунун 32 жаңы учуру катталып, 67 адам оорудан айыкты.

  • Бишкек шаарында — 15;
  • Чүй облусунда — 9;
  • Жалал-Абад облусунда — 4;
  • Ош облусунда — 3;
  • Талас облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 744кө жетти. Ал эми өлкө боюнча 178 777 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 762 адам көз жумду.

Учурда 358 бейтап ооруканада, ал эми 364 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 8-декабрга карата 9 683 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 320 адам биринчи дозасын, ал эми 5 363 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.