Депутат Мавлянованын кирешеси тууралуу эки жылдык декларациясы бош жарыяланды

Депутат Махабат Мавлянованын салык кызматына 2019-2020-жылдарга карата тапшырган декларациясы бош болуп чыкты. Документтерге ылайык, анын кирешеси, чыгашасы жана мүлктөрү жок. Азырынча өзү декларациялары эмне үчүн бош экенине комментарий бере элек.

2019-жылдын декларациясы:

2020-жылдын декларациясы:

Махабат Мавлянова «Республика –Ата Журт» партиясынан алтынчы чакырылыштын депутаты. Бир жыл мурда Жээнбековдордун кланына байланыштырылган «Биримдик» партиясынан парламентке талапкер болгон.

2018-жылы 24.kg Махабат Мавлянова тотализатор уюштурган компаниянын ээси экенин аныктаган.

Factcheck.kg ошол эле 2018-жылы Мавлянованын курулуш менен байланыштуу «Goldencom» («Голденком»), «Жети Казына», «Энерго-МБЛ», «МЖА-Групп» ЖЧКсынын,«Азия Голд Билдинг», «ММБ и Компани», «URBAN DESIGN and PROJECT» (UDP) (УРБАН ДИЗАЙН энд ПРОЕКТ) (УДП), «Алашан плюс» компанияларынын негиздөөчүсү же негиздөөчүлөрүнүн бири экенин аныктаган.

Ошондой эле «Азия Голд Билдинг», «URBAN DESIGN and PROJECT» (UDP) (УРБАН ДИЗАЙН энд ПРОЕКТ) (УДП), «ММБ жана Компани» ЖЧКлары олигарх Бозулан Мамазаимов менен да байланыштуу. Ал кумар оюндарына байланыштуу бизнестер боюнча белгилүү, анын бизнес долбоорлорунун бир бөлүгү да Махабат Мавлянова менен байланыштуу. Kaktus. Media басылмасы олигархты Мавлянованын күйөөсү катары эскерген. «Мэри Клуб» жана Maryotel казиносу Мамазаимов менен Мавлянованын жалпы бизнеси делген, мындан сырткары, Мэри — Махабат Мавлянованын кызынын аты. Мэри Бозуланова АКШда жашаганы, Швейцарияда билим алганы белгилүү.

2014-жылы Femme басылмасына маек куруп, ажырашуу тууралуу кеп козгоп, аялдар өзүнө гана ишениши керектигин айткан.

Расмий түрдө 2000-жылдан 2009-жылга чейин «МАБ-Ула» ЖЧКсынын, «МБ-Компани» ЖЧКсынын, «Аида Компани» ЖЧКсынын, «Мэри-Клуб» ЖЧКсынын, «Капитал-Групп» ЖЧКсынын, ал эми 2010-жылдан 2015-жылга чейин «Жаннат Компани», «МЖА Групп» ЖЧКсынын, «Мега-МБЛ» ЖЧКСынын жана «Жети Казына» коомдук фондунун негиздөөчүсү болгон.