Коронавирустан эки адам каза болуп, 34 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 12-декабрга карата COVID-19 менен ооруп жаткан эки адам каза болду, жуктуруунун 34 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бишкек шаарында акыркы суткада 17 адам илдет жуктурса, Чүй облусунда вируска кабылгандардын саны — 8. Жалал-Абад облусунда 4, Баткенде 3 адам коронавиурска кабылды. Ал эми Ош облусу менен Ош шаарында бирден киши дартка чалдыкты. Ошондой эле, 12-декабрга карата жалпы республика боюнча 47 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 183 965 адамга жетти. Ал эми өлкө боюнча 179 009 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 770 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 389 бейтап, ал эми үй шартында 414 адам дарыланып жатат.


Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.