Чаткал: Алтын казган түрк компаниясына нааразы тургундар боз үй тигип, президентти күтүп жатышат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылынын тургундары жана «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын жумушчулары алтын казган ишканага нааразы болуп жол тосушту. Алардын айтымында, компания экологияны сактоо боюнча талаптарды аткарбай жатат.

Акцияга чыккан айыл тургундарынын бири Марлен Жолдошбеков «Клоопко» ишкананын жүк ташуучу унаалары өткөн жолду 12-декабрда тосушканын билдирип, эл президент Садыр Жапаровдун келишин талап кылып жатканын айтты.

«Компаниянын өкүлдөрү айыл тургундарын киши катарында көрбөй калды. Биздин сөзүбүз аларга өтпөй калды. Айылды чаң басып, балдарыбыз оорукчан боло баштады. Биз мыйзамдуулукту жана экологияга зыян келтирбешин талап кылабыз! Компания алтынды ачык казып алууну токтотуп, жер астынан ишин жүргүзсүн», — деп ачууланды айыл тургуну.

Дагы бир тургун Нуркалык Өмүрбеков, бийлик тараптан «Эти Бакыр Терексай» ишканасы качан элге зыян келтирбей тургандай болуп иштемейинче акцияга чыккандар тарабай турганын белгиледи.

«Алтынды алса дагы элди ойлош керек. Айылдан ашып кетсе 200 метр алыс жерде эле кен казышат. Биз таза аба дегенди билбей калдык. Чаң менен эле дем алабыз. Жолдо унаа айдап баратсаң, астыңан башка унаа чыкса көрбөйсүң. Компаниянын өкүлдөрүнө жакшы эле айтып түшүндүргөнгө аракет кылдык, чыдамыбыз калбай калды», — деп кейиди ал.

«300дөй адамды жумуштан бошотту»

Ал эми аталган ишканада эмгектенген айыл тургуну Нүсүп Тойчубеков 300гө жакын айыл тургунун «жумуштан бошотконун» кабарлады. Анын айтымында, буга кызматкерлердин «айылды чаңдатпай иштейли» деген талабы себеп болгон.

«Биз азыр эки талапты коюп жатабыз. Биринчиси, компания экологияны булгабай, тургундарга зыян келтирбей иштесин. Экинчи талап, жумушчулардын айылык маянасын көтөрүп берсин. Эртеден кече жумуш кылабыз, төлөп берген акчалары 15-20 миң сом», — деди ал.

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев менен байланышканыбызда, бул маселе боюнча анын орун басары жооп берерин айтты.

«Мен азыр Бишкек шаарында жүрөм. Тургундар 12-декабрда акцияга чыгышкан экен. Маселени чечүү үчүн менин орун басарым Топчубек Эшбаев кеткен», —деди ал.

Ал эми Топчубек Эшбаев менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок тургундар кече кечинде акимдин орун басары келгенин тастыкташты.

Алардын айтымында, аны компания өкүлдөрү «сүйлөшөбүз» деп алып кетишкен. Ал ошол боюнча кайра эл менен жолуккан эмес.

Чаткалдыктарды чарчаткан көйгөй

Чаткал районунун Терек-Сай айылынын тургундары «Эти Бакыр Терексай» компаниясынын ишине нааразы болуп акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында жөө жүрүшкө чыгышкан. Алар алтын казган компания экологияга «чоң зыян» келтирип жатканын айтып, тургундарга компенсация төлөп берүүнү талап кылышкан.

Компаниянын ишмердүүлүгүнө жергиликтүү тургундар 2018-жылдан бери нааразы болуп келишет. Тургундар ошол кездеги өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго жана Жогорку Кеңешке компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу кат жолдошкон. Бирок бийлик тараптан эч кандай реакция болгон эмес.

Түркиялык «Эти Бакыр Терексай» компаниясы 2015-жылы Терек-Сайдагы кенди иштетүү боюнча конкурска катышып, кенди 20 млн долларга сатып алган. Учурда «Эти Бакыр Терексай» ишканасында «Кыргызалтындын» 25 пайыз акциясы бар.