Авторитаризм эмес, бийликтин жоопкерчилиги — Султанбаев CIVICUS’тун отчёту тууралуу

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жарандык коомдун *CIVICUS глобалдык альянсынын жылдык отчётуна байланыштуу «Клооптун» журналистине комментарий берди.

CIVICUS —бул эл аралык коммерциялык эмес уюм, миссиясы — дүйнө жүзүндө жарандык коомдуу жана жарандык активдүүлүктү бекемдөө.

Отчётто Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү жарандык коом үчүн ансыз да чектелүү мейкиндикти куугунтуктоо, журналисттер менен укук коргоочуларды коркутуп-үркүтүү тактикасы аркылуу ого бетер чектөө кылганды улантып жатканы айтылган.

«Кыргызстандын жаңы президентинин тушунда авторитардык башкаруу күчөдү», — деп белгилеген глобалдык альянс.

Тема боюнча: CIVICUS: Кыргызстанда жаңы президенттин тушунда авторитардык башкаруу күчөдү

Султанбаев CIVICUS’тун отчётуна комментарий берип жатып, «бийликтин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды авторитаризм түшүнүгү менен бир катарга коюуга болбойт» деди.

«Маалым болгондой, мурда түзүлгөн мамлекеттик башкаруу системасында бир дагы “чечим кабыл алуучу борборлор” — башкача айтканда, президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш өлкөдө болуп жаткан окуялар үчүн толук жоопкерчиликти алган эмес», — деди ал.

Өлкө башчынын басма сөз катчысынын айтымында, өз ара «жууркан тартыш» социалдык-экономикалык маселелерди чечүүнү токтотуп, үч «чечим кабыл алуучу борбордун» таасири астындагы кадр саясаты мамлекеттик органдардын ишинде тең салмактуулуктун бузулушуна алып келген.

«Мамлекеттик башкаруу системасынын кескин түрдө реформасы биринчи кезекте ушул сыяктуу көрүнүштөрдү жоюуга багытталып, өлкөдөгү бийликтин так вертикалы түзүлүп жана анын конкреттүү жоопкерчилиги аныкталды», — деди Султанбаев.

Ал бийликтегилердин аракети биринчи кезекте күчтүү мамлекетте жашаган жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган деп кошумчалады.

Буга чейин 13-декабрда бийликти күчтөндүрүү тууралуу минкабдын төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов да сөз кылган.

Анын айтымында, Кыргызстанга Садыр Жапаров киришкен тартип жетишсиз болуп жаткан. Бирок, анын айтымында, муну авторитаризм деп атоого болбойт.

«Мурдагы жылдары баары Кыргызстанда эффективдүү мамлекеттик башкаруу жок, ишке ашыруу дисциплинасы жоголду деп арызданышкан. Баарыбыз пандемиянын келишине даярдык дээрлик жок болгонуна баарыбыз күбө болгонбуз. Бизди кыйрап жаткан мамлекет деп жатышса эмне демек элек […] Өлкө башчысы, элдин көпчүлүгү, бардык жоопкерчиликтүү саясий күчтөр мындан ары мындай жашоого болбойт деп жатышат. Ошондуктан биз бийликти күчтөндүрдүк, бирок бул авторитаризм деп аталбайт», — деп билдирген Байсалов.

Байсаловдун пикирине карабастан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары мурдараак Кыргызстан авторитардык өлкөгө айланып баратканын байма-бай белгилешкен.

Мисалы, депутат Наталья Никитенко президенттин ыйгарым укуктарын күчөтө турган жаңы Конституция талкууланып жатканда, ал «ушунчалык катуу сын угуп көрө элек болчу экенин», а бирок «мындай чектөө жана тең салмактуулуктун системасы талкаланганы» айдан ачык болгонун айткан.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар да Кыргызстанда авторитардык режим орноп баратат деген кооптонууларын билдиришкен. Freedom House бейөкмөт уюму баяндамасын жарыялап, анда акыркы 11 жылда Кыргызстанды биринчи жолу эркин эмес мамлекеттердин категориясына киргизген.

«Кыргызстандын макамы “жарым жартылай эркин мамлекеттен” “эркин эмес” мамлекеттердин катарына түшкөн. Анткени ыплас өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы саясий басым жана коркутуу менен коштолуп, бийликти соттолгон кылмышкер, тарапташтарынын жардамы менен абактан чыккан улутчулдардын лидери басып алган», – деп жазылган отчётто.